Диетолог: организмде витамин аз болгонго караганда көп болгону коркунучтуу

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Адис колдон келсе витаминди табигый таза азыктардан, маселен, жашылча-жемиштен алууну сунуштаган. Алардын таасири, пайдасы бөтөлкөдөгү витаминдерден жүз эсе натыйжалуу.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Организмде витамин аз болгонго караганда көп болгону коркунучтуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып айтты.
Адис белгилегендей, витаминдерди, биологиялык активдүү кошулмаларды дарыгер менен кеңешип ичүү керек.
"Биологиялык активдүү кошулмалар (БАД), анын ичинде витаминдер өлкөгө эч көзөмөл жок кирип жатат, түрлөрү да өтө көп. Алар кайсы өлкөдөн, кандай жасалып келип жатканы боюнча элдин маалыматы аз. Сапатын билбейбиз. Буларды деле каалагандай иче бербей дарыгер менен кеңешүү зарыл. Анткени бир витамин экинчи витамин менен организмде туура келбей, бири-бирин "тээп", сиңбей калышы мүмкүн. Ошол себептен жөн эле боорго күч келтире бербей аны дарыгерден сурап туруп ичүү шарт. Организмде витамин аз болгонго караганда көп болгону коркунучтуу. Витаминдин өтө көп болгону организмге терс таасирин тийгизет", — деди Дүйшөнкулова.
Диетолог колдон келсе витаминди табигый таза азыктардан алууну сунуштаган.
Гречка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Арыктоого жардам берип, организмди тазалаган акшактын беш түрү аталды
"Жашылча-жемишке эч нерсе жетпейт. Жайында аларды көп жеген жакшы. Азыр кышында деле баары сатылып калбадыбы. Алардын таасири, пайдасы бөтөлкөдөгү витаминдерден жүз эсе натыйжалуу", — деди адис.
Дүйшөнкулова арыктата турган "сыйкырдуу" таблеткалардан да оолак болууга чакырып кеткен.
Диеотолог менен туура тамактануу боюнча маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуй аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0