Бизнесмен Жалил Атамбаев 50 млн. сом төлөп, абактан бошотулду

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө ал 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атамбаев ички иштер органдарында иштеп жатканда мыйзамсыз байыган деп жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып, 3-мартта кармалган болчу.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.
"4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыяндын бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0