Коронавирус дагы 41 адамдан аныкталып, Бишкекте эки бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
КРде илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 83 424 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда 1 470 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 41 адам коронавирус жуктуруп, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 17;
  • Ош – 1;
  • Чүй облусу – 9;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө жалпы 86 451 адамдан коронавирус аныкталды.
Айыккандар:
  • Бишкек – 12;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 4.
Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 83 424 бейтап ооруну жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан эки адам акка моюн сунган. Муну менен оорудан каза тапкандардын саны 1 470ке жетти.
Учурда өлкөдөгү стационарларда 359 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 93 бейтаптын абалы оор болсо, 17синики өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде Бишкекте бир медиктен коронавирус аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0