Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг катышуучулары. Архив
Митинг катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
"Ала-Тоо" жана эски аянтта түрдүү акциялар өтүп, Эркиндик проспектине тынымсыз жүрүшкө чыгып жатканы жүйө келтирилген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Бишкектин чок ортосунда 22-апрелге чейин митинг жана жүрүштөргө чыгууга тыюу салды.
Мындай өтүнүч менен Биринчи май райондук администрациясы кайрылып, чечимди 22-февралда судья Асел Эсенгулова чыгарган. Соттун токтому соттук актылар сайтына жарыяланды.
Арызда акимчилик "Ала-Тоо" аянтында, эски аянтта түрдүү акциялар жана Эркиндик проспектинде жүрүштөр уюштурулган фактыларды белгилеген.
"Практика көрсөткөндөй, көп адам чогулган акциялардын уюштуруучулары жана лидерлери кырдаалды көзөмөлдөй албай калат. Анын натыйжасында автоунаа тыгыны жаралып, транспорт кыймылына тоскоолдук болот, жөө адам жүрчү жана автоунаа жолдору тосулуп калат. Ошондой эле парктарда эс алып жаткан жарандарга жагымсыз жагдай жаратып, жеке коопсуздугун тынчсыздандырат", — деп жазылат маалыматта.
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Ошто миңдей адам Матраимовду колдоп митингге чыкты. Сүрөт, видео
Мындан улам ЖМКларга ар жекшемби сайын саат 12:00дөн 13:00гө чейин тынчтык жүрүшү болору тууралуу маалымат чыккандан кийин райондук милиция акимчиликке кайрылып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Мындай иш-чараларга арыздангандар бар экени белгиленет.
Ошондой эле райондук администрация алдыдагы майрамдарда, 8-мартта (Аялдардык эл аралык майрамы) жана 21-мартта (Нооруз) эс алуучу жайларда көп адам болорун айткан.
"Адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралуучу, коомго терс таасирин тийгизүүчү жагдайды алдын алуу үчүн жогоруда белгиленген жүрүштөрдү өткөрүүнү чектөө керек", — деп эсептеген акимчилик.
Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында чек ара көйгөйү боюнча тынчтык митинги өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Бишкекте чек ара көйгөйүн тез арада чечүүнү талап кылып митингге чыгышты. Сүрөт
Аны менен бийлик коронавирус боюнча кырдаал шаарда туруктуу болбой жатканы жүйө келтирилген. Ушуга байланыштуу райондук бийлик 22-февралдан 22-апрелге чейин тыюу салуу чечимин негиздүү жана мыйзамдуу деп табууну суранган.
Митинг жана акцияларды Максим Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0