Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке бара баштайт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги окуу бөлмөсү. Архив
Мектептеги окуу бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Окуу процессин жандантууга тиешелүү даярдык көрүү Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлөт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаада 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып-келип окуй баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков кеңешмеде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мектептеги билим берүү маселелерине арналган жыйын бүгүн өткөн.
Новиков 9-марттан тарта 2, 3, 4-класстын окуучулары офлайн режимге өтөрүн эске салып, апрелден тарта окуучулар толугу менен кадимки тартипте окуй баштаарын айтты.
"Мында 2021-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт. Окуу процессин жандантууга тиешелүү даярдык көрүү Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлөт. Мындан тышкары, "мектеп медицинасы" ишке кирип, ар бир окуучуга ден соолугунун абалын каттаган карта ачылат", — деди Новиков.
Белгилей кетсек, ушу тапта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып-келип окуп жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0