Климаттын кескин өзгөрүшү ымыркайларга кандай таасир берери айтылды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЖаңы төрөлгөн бала. Архив
Жаңы төрөлгөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Окумуштуулар климаттын өзү эмес, анын айынан жаралган көйгөйлөр эне-балага кандай таасир берерин айтышкан. Бул үчүн 11 жыл Бразилиянын Амазонас штатынын жашоочуларына байкоо салышкан.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Климаттык шарттардын кескин өзгөрүшү аялдардын эрте төрөшүнө алып келип, мунун кесепетинен наристенин бою, салмагы аз болуп туулат. Бул тууралуу "Известия" Улуу Британия жана Бразилиядагы окуу жайлардын окумуштууларына шилтеме берип жазды.
Адис климаттын олуттуу түрдө өзгөрүшү ымыркайлардын ден соолугуна кандай таасир этерин аныкташкан.
Окумуштуулар тобу 11 жыл бою Бразилиянын Амазонас штатынын жашоочуларына байкоо салып, жаан-чачын көп жааган жерде аялдар бою, салмагы орточо нормадан кемирээк балдарды төрөгөнүн аныкташкан.
"Климаттын кескин өзгөрүшү дыйкан чарба түшүмүн азайтып, тамактанууну начарлатат. Ошондой эле нымдуу аба жана суу аркылуу жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келет. Мунун бардыгы эне-баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деген окумуштуулар.
Адистер Амазондогу климаттын өзгөрүшү тынчсызданууну жаратарын айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0