Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Казахстан
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Жапаровдун үчүнчү сапарынын статусу жана делегация өкүлдөрүнүн түзүмү азырынча белгисиз. Буга чейин президент Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Сапардын статусу жана аны кимдер коштоп барары азырынча белгисиз. 
Бул Жапаровдун чет мамлекетке үчүнчү сапары болмокчу. Буга чейин ал Россия менен Казакстанга барган. 27-февралда мамлекет башчы Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0