Автоунаа ээлери, абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар жолдо турган учурда. Архив
Автоунаалар жолдо турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Аба ырайынын бузулушунан улам айдоочуларга  автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, абайлап жол жүрүү керектиги эскертилди.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жакынкы күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүп, жолдор тайгак болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-9-март күндөрү республикалык маанидеги айрым жолдордо жүрүү кооптуу болушу ыктымал. Мындан улам жарандар айдап жүргөн автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сакташы керек.
Ал күндөрү айдоочу жана жүргүнчүлөр үчүн кооптуу делген жол тилкелер:
  • Бишкек — Ош  жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Суусамыр — Талас —Тараз жолунун 1-14-чакырымдар аралыгында (Өтмөк ашуусу);
  • Мырзаке — Кара-Кулжа —Алайкуу жолунун 74-115-чакырымында, Ала-Бука — Жаңы-Базар —Киров жолунун 68-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4 чакырымы;
  • Казарман — Ак-Тал-Чат жолунун 42-4- чакырымында (Ийри-Суу участогу), 67-93-чакырымында (Кара-Коо ашуусу).
Жаңылыктар түрмөгү
0