Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРЫсык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды
Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Имараттардын курулушу 2021-жылдын декабрь айында бүтөт деп болжолдонууда. Жалпы суммасы 34 миллион сомду түзөт.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРЫсык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды
Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРАталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат
Аталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРКурулуш толугу менен "Ас-Сафа Борбору" эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды.
Курулуш толугу менен Ас-Сафа Борбору эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Курулуш толугу менен "Ас-Сафа Борбору" эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды.
1/3
Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды
2/3
Аталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат
3/3
Курулуш толугу менен "Ас-Сафа Борбору" эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды.
Аталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат. Курулуш толугу менен "Ас-Сафа Борбору" эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды.
Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2020
Баткенде 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөттөр
Санташ айылына Жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борбору үчүн 702 чарчы метр аянттагы эки кабаттуу имарат салынат. Анын курамында 16 керебеттүү стационардык бөлүм жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу болот. Курулуш иштери аяктагандан кийин ассоциация зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу инвентарларды алып бермекчи.
Кутургу айылындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун аянты 280 чарчы метр, 20 орунга ылайыкташкан. Бирикме медициналык шаймандар, гинекологиялык кресло, стоматологиялык аппарат жана керектүү эмеректер менен да камсыздайт.
Имараттардын курулушу 2021-жылдын декабрь айында бүтөт деп болжолдонууда. Жалпы суммасы 34 миллион сомду түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0