Бүгүн Бишкектин үч конушунда таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт

© AFP / FRANCK FIFEСуу тамып жаткан кран. Архив
Суу тамып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Тургундарга муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери аркылуу алдын ала эскертүү берилгени айтылат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жаз-жайкы мезгилдерге даярдыктын алкагында "Энесай" суу кампасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Бишкектин үч конушуна суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Атап айтканда, Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында эртең менентен баштап саат 15:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат.
Анын ичинде төмөнкү объектилер да бар:
  • № 21 муниципалдык аймактык башкармалык;
  • № 2, 2а, 4 бала бакча;
  • № 9 Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • № 20 китепкана;
  • № 7, №6 милициянын аймактык пункту;
  • №21, №94 орто мектептери;
  • "КУТ МонтажСтрой" ЖЧКсы;
  • "Ак-Илбирс" компаниясы;
  • "Бегимай-Дордой" бала бакчасы;
  • Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору, №32в "Дордой" базары.
Жаңы конуштардын тургундарына суу өчүрүлөрү туурасында муниципалдык аймактык башкармалык жана кварталдык комитеттердин жетекчилери аркылуу алдын ала эскертүү берилгени айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0