НооруздуАла-Тоо аянтында майрамдоо. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар мартта дагы үч күн катары менен эс алат

651
(жаңыланган 12:32 09.03.2021)
Буга чейин дагы кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышкан (6, 7 жана 8-март). Эми келерки жумада дагы үч күн дем алыш болмокчу.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Нооруз майрамына карата үч күн катары менен эс алат.

Быйылкы 21-марттагы Нооруз майрамы жекшемби күнгө туура келет. Буга байланыштуу майрамдык дем алыш күн дүйшөмбүгө, 22-мартка, жылдырылат.

Мындан улам өкмөттүн токтомуна ылайык, 20 (ишемби), 21 (жекшемби) жана 22-март (дүйшөмбү) күндөрү кыргызстандыктар эс алат.

651
Белгилер:
Нооруз, дем алыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаз кандай башталат? Мартка карата аба ырайы
Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун төрагасы Асхат Сеитбеков

Сеитбеков: өлкө боюнча 1000ден ашуун байкер бар

8
(жаңыланган 13:10 25.06.2021)
Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун төрагасы Асхат Сеитбеков Кыргызстанда мотоцикл айдоого кызыккандар көбөйүп, бул тармактын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатышканын айтты.

Мотоциклисттердин саны өлкө боюнча 1000ден ашат. Алар түрдүү категориялар боюнча мотожүрүштөрдү уюштурушат. Мындай маалыматты Асхат Сеитбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сеитбеков: өлкө боюнча 1000ден ашуун байкер бар

Анын айтымында, буга чейин Бишкекте гана аталган транспортко кызыккандар болсо, эми аймактарда да мотожүрүштөргө чыга башташты.

"Кыргызстандын мотоциклисттер коому 2014-жылы расмий түзүлгөн. Андан бери көп адамдын башын бириктирип, түрдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз. Мотоциклисттер арасында тажрыйбасына жараша наамдар ыйгарылат. Мисалы, бир суткада 1000 миль аралыкты басып өткөндө тиешелүү критерийлердин негизинде статус берилет. Кыргызстанда да байкерлер үчүн атайын наамдарды түзгөнбүз. Алсак, "Беш ашуу", "Үч көл", "Жети жер" деген категориялар каралган. 3500 чакырымды үч күндө мотоцикл менен өткөн адамдарга"Беш ашуу" наамы тагылат. Муну менен кооз жерлерди кыдырып, туризмди өнүктүрүү максатын койгонбуз. Чет өлкөдөн келип, биздеги наамдарды алып кетишет. Учурда байкерлердин саны жалпы өлкө боюнча 1000ден ашат. Алар түрдүү категориялар боюнча мотожүрүштөрдү уюштуруп, чогулуп турушат", — деди Сеитбеков.

Ошондой эле байкер Кыргызстандын кооз жерлерин, маданиятын дүйнөгө таанытуу максатында мототуризмге көңүл буруу керектигин кошумчалады.

8
Белгилер:
Асхат Сеитбеков, мотоцикл, байкер
Тема боюнча
Казыбаев: кышында Сочиге барып дрифт боюнча мелдешке катышабыз
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга видеокаттагыч орнотулуп жатат

Караколдо жүргүнчү ташыган унааларга видеокаттагычтар коюлуп жатат. Сүрөт

25
(жаңыланган 13:01 25.06.2021)
Иш-чаранын максаты — коопсуздукту камсыздоо, кылмыштарды алдын алуу, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга видеокаттагыч орнотулуп жатат. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

  • В Караколе устанавливаются видеорегистраторы в общественном транспорте
    Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга видеокаттагыч орнотулуп жатат
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • В Караколе устанавливаются видеорегистраторы в общественном транспорте
    Жабдыктар жайкы туристтик мезгилде жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, коомдук транспорттордо кылмыштарды алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында коюлуп жатат.
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга видеокаттагыч орнотулуп жатат

Ага ылайык, жабдыктар жайкы туристтик мезгилде жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, коомдук транспорттордо кылмыштарды алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында коюлуп жатат.

Ысык-Көл облусунда иштеген милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Караколдун милициясы айдоочуларга видеокаттагычты орнотуунун маанилүү жактарын да түшүндүрүүдө.

Каракол ШИИБи боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Мунарбек Асаналиевдин айтымында, облустун борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен беш ишкананын 385 кичи автобусу жана 20 автобусу бар. Калаада күн сайын 55 кичи автобус каттайт.

Мындан тышкары, аймактар жана облустар аралык каттамдар жүргүзүлөт. Учурда фирма унааларынын 75 пайызы жогорудагы видеокаттагыч менен жабдылган.

"Видеокаттагычтар — жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу натыйжалуу чара. Жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Айдоочулар да жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт", — деген Асаналиев.

Видеокаттагыч автоунаанын жолдо бара жаткан кыймылын жана салондун ичиндеги абалды бир эле учурда көзөмөлдөйт.

25
Белгилер:
алдын алуу, кылмыш, жол кыймылы, Каракол, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Чет тилде жер тааныткан туристтик милиция. Ысык-Көл ОИИБ тарткан видео
Последствия ДТП на легковом автомобиле. Иллюстративное фото

Эч нерсеси калбаптыр. Бишкекте унаа бакты сүзүп, бир аял жабыркады

0
(жаңыланган 13:32 25.06.2021)
Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

На пересечении проспекта Чуй и улицы 7 апреля в Бишкеке, водитель легковой машины “Toyota Aristo” не справился с управлением и врезался в дерево.
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды

Маалыматка караганда, Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен. Натыйжда бакты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы аял жабыркаган.

Жерине беш куткаруучу барып, унаадагыларды чыгарган. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кетти.

0
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Жалал-Абад: жол кырсыктарын алдын алуу үчүн баннерлер илинип, кеңештер айтылды