Бишкекте митингге тыюу салган чечимге каршы болгондор сотко даттанды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи май райондук соту. Архив
Биринчи май райондук соту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы болгон активисттер сотко арыз менен кайрылган. Иш эми Бишкек шаардык сотунда каралмакчы.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Ак үйдүн алдында жаңы Конституциянын долбооруна каршы митинг өтүүдө
Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.
Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.
Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0