Ракка кабылгандарды дарылоочу линиялык тездеткичтерди монтаждоо иши башталды

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATЛиниялык тездеткич аппараты. Архив
Линиялык тездеткич аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Февралдын башында аталган линиялык тездеткичтер боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы макала даярдаган. Анда аталган жабдуу сатып алынганы менен иштебей турганы айтылган эле.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборундагы залалдуу шишикке кабылган бейтаптарды нур терапиясы менен дарылай турчу линиялык тездеткичтерди монтаждоо иши башталды. Бул тууралуу аталган оорукананын директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2021
Өлкөнүн башкы пульмонологу Сооронбаев Бишкектеги ыш тууралуу үн катты
Заманбап аппараттар 3,8 миллион долларга 2019-жылы сатып алынганы менен 2021-жылдын февраль айынын аягына чейин таңгагынан чыгарылбай турган.
Султангазиеванын айтымында, жабдууларды монтаждоо иштери 1-мартта башталган.
"Россия менен Түркиядан адистер келип, жабдууну монтаждоо иштери жүрүүдө. Бригада бир жарым айга чукул иштейт, андан кийин адистер окутулат. Бардык жумуш аяктаган соң линиялык тездеткичтер залалдуу шишикке кабылган бейтаптарды нур терапиясы менен дарылайт", — деди ал.
Оорукана буга чейин өндүрүүчү завод койгон талаптар боюнча радиациялык коопсуздукту сактоо менен атайын бункерлер дайындалганын, негизги жабдууну муздатып туруучу система дагы даяр экенин айткан. Болгону тынымсыз энергия берип туруучу жабдуулар орнотулушу керек эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0