Окуучулардын жазгы каникулу качан башталат? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептин биринчи класстын окуучулары сабактар бүткөн учурда. Архив
Мектептин биринчи класстын окуучулары сабактар бүткөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
1-апрелден тарта Бишкекте бардык класстын окуучулары толугу менен мектепке барып окушат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 22-марттан 31-мартка чейин өлкө боюнча мектеп окуучулары каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик 1-апрелде окуу кайра баштала турганын белгиледи.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Бишкекте мектепке барчу окуучулар кандай форма кийиши керек? Министрликтин жообу
Эске салсак, Бишкек шаарында 9-марттан тарта башталгыч класстын окуучулары (2,3,4-класс) мектепке барып билим ала баштаган.
Калган класстын окуучулары толугу менен 1-апрелден тарта кадимки тартипте окуй турганын буга чейин биринчи вице-премьер Артём Новиков кеңешмеде айткан.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт.
Аймактарда мектептер толугу менен 3-чейректе эле ачылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0