ЕАЭБдин кайсы өлкөсүндө гендердик теңчилик көбүрөөк сакталат?

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүФорумдун катышуучулары. Архив
Форумдун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Гендердик теңчиликте социалдык адилеттүүлүктү эле эмес, аялдардын экономика тармагына аралашуусу да каралганы белгиленет.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Гендердик теңчиликти сактоо боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан Беларусь мамлекети сап башына чыкты. Ал эми дүйнө боюнча 29-орунда турат. Бул тууралуу Sputnik Казакстанга Евразия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров Global Gender Gap Report 2020 докладына таянып билдирген.
"Беларусь ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен лидерликке чыкты. Рейтинг аялдардын экономикалык жана карьералык мүмкүнчүлүгү, саясий чөйрөгө катышуусуна карап чыгарылган. Муну Inter-Parliamentary Union уюмунун 2020-жылга карата жарыялаган маалыматы да тастыктайт. Анда Беларусь 22-орунда турат. Эркектер менен аялдардын ортосундагы бирдей укукту сактоо жаатында Австрия, Франция жана Улуу Британиядан ашып түшкөн", — деп айткан Винокуров.
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Кыргызстандык кыздардын көбү канча жашында турмушка чыгат. Статистика
Ошондой эле ал гендердик теңчилик дегенде социалдык адилеттүүлүктү эле эмес, экономика тармагына аралашуусу да караларын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, ЕАЭБдин курамына Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Кыргызстан кирет.
Global Gender Gap Report 2020 доклады жыныстык теңчилик боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык отчёту болуп саналат, алгачкы ирет 2006-жылы жарыяланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0