Дарыканада фармацевт. Архив

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүү кирди. Ал дары-дармекке тиешелүү

47
(жаңыланган 10:44 10.03.2021)
Өзгөртүү кирген мыйзам боюнча, мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөттүн чечими менен белгиленет.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.

Анда дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуучу уюм аталган жабдууларды түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган. Бирок ал уюм өкмөт менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзүшү шарт. Ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдарды Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу гана ала алышат. Мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөттүн чечими менен белгиленери маалым болду.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирмекчи.

47
Белгилер:
мыйзам, дары-дармек, мамлекеттик сатып алуу
Тема боюнча
Өкмөт коронавирустун толкунуна кандай даярдык көрүүдө? Кеңешмедеги пландар
Жантөрөева: мамлекеттик тендерлерге катышуу үчүн 24 миңдей компания катталган
Ош шаарында бүгүн 43 мечитте, анын ичинде Сулайман-Тоо борбордук мечитинде майрамдык айт намаз окулду

Ош шаарында 43 мечитте майрамдык айт намаз окулду. Сүрөттөр

13
Калаа башчысы Сарыбашов ооз ачыруу иш-чаралары түрдүү улуттар ортосундагы пикир алышууну, ынак мамилени чыңдаган аянтча болгонун айтты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ош шаарында бүгүн 43 мечитте, анын ичинде Сулайман-Тоо борбордук мечитинде майрамдык айт намаз окулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Мусульмане совершают праздничный айт намаз в центральной мечети города Ош по случаю окончания священного месяца Рамазан
    Ош шаарында бүгүн 43 мечитте, анын ичинде Сулайман-Тоо борбордук мечитинде майрамдык айт намаз окулду
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр города Ош Таалайбек Сарыбашов участвует в праздничном айт намазе в центральной мечети Оша по случаю окончания священного месяца Рамазан
    Иш-чарага Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, дин кызматкерлери, аксакалдар жана жашоочулар катышкан
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр города Ош Таалайбек Сарыбашов участвует в праздничном айт намазе в центральной мечети Оша по случаю окончания священного месяца Рамазан
    Калаа башчысы бардык жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды жана ийгиликтерде каалаган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мусульмане совершают праздничный айт намаз в центральной мечети города Ош по случаю окончания священного месяца Рамазан
    Мэр ооз ачыруу иш-чаралары түрдүү улуттардын өз ара пикир алышуу аянтчасына айланып, шаардагы диний абалдын туруктуулугу сакталып, этностор аралык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзгөнүн кошумчалаган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мусульмане совершают праздничный айт намаз в центральной мечети города Ош по случаю окончания священного месяца Рамазан
    Мэриянын маалымат кызматынан 43 мечитте майрамдык айт намаз окулгандыгын билдиришти.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында бүгүн 43 мечитте, анын ичинде Сулайман-Тоо борбордук мечитинде майрамдык айт намаз окулду

Иш-чарага Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, дин кызматкерлери, аксакалдар жана жашоочулар катышкан.

Калаа башчысы бардык жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды жана ийгиликтерде каалаган.

"Бул ай араздашкандар элдешкен, оорулуулардан, жетим-жесирлерден жана момун мусулмандардан кабар алынган мезгил. Бүгүн да битир-садагалар жана кайрымдуулук иштери уюштурулуп жатат. Бир ай ичинде ооз ачыруунун алкагында бири-бирибизге жакшы каалоо-тилектер айтылды", — деген Сарыбашов.

Мэр ооз ачыруу иш-чаралары түрдүү улуттардын өз ара пикир алышуу аянтчасына айланып, шаардагы диний абалдын туруктуулугу сакталып, этностор аралык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзгөнүн кошумчалаган.

Мындан сырткары, ал санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерди так сактап жаткан элге ыраазычылыгын айткан.

Мэриянын маалымат кызматынан 43 мечитте майрамдык айт намаз окулгандыгын билдиришти.

13
Белгилер:
орозо, Ош мэриясы, Айт намаз, Таалайбек Сарыбашев, Ош
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Жараткандан жакшылык сурап таң заарда чогулган эл. Айт намаздагы 15 ирмем
Ыраазылык жана кызматташуу. Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Рахмон куттуктоосунда Жапаровго ден соолук, кыргыз элине тынчтык тиледи
Тамчы аэропортунда учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив

Дүйшөмбүдө Алматыдан Ысык-Көлгө күн сайын уча турган авиакаттам ачылат

44
Жаңы ачылган авиакаттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дыкат сактоо менен жүргүзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Казакстан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ача турганын Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылышы
© Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас"
Маалыматка ылайык, 15-майдан тарта Алматы — Тамчы — Алматы багыты ишке киргизилип, жумасына жети жолу, башкача айтканда, күн сайын бирден учак каттап турат.

Коңшу өлкөнүн Өзбекстан, Черногория, Нидерландия менен да жаңы каттамдарды ачып, андан сырткары Бириккен Араб Эмираты багытын мурдагыдан активдештире турганы кабарланды.

Авиакаттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дыкат сактоо менен жүргүзүлөрүн баса белгилешкен.

44
Белгилер:
Алматы, Ысык-Көл, авиакаттам, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Министрликте Бишкек — Тегеран авиакаттамын жандантуу талкууланды
Бишкектен кайсы авиакаттамдар токтотулуп, канчасы калды. Тизме
Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитинде майрамдык айт намаз окуп жаткан адамдар

Бир нече президенттер, уюмдар Кыргызстанды Айт майрамы менен куттуктады. Тизме

0
Орозо айтка байланыштуу сегиз өлкөнүн башчысы жана үч эл аралык уюмдун жетекчилери куттуктоо жиберген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бир катар мамлекеттердин башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев тынчтыктын жана ынтымактын символу болгон ыйык Орозо айт Түрк дүйнөсүндөгү боордоштук мамилелерди чыңдай беришин каалаган.

Ал эми эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин куттуктоосунда кыргыз элине тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо тилеген.

Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) башкы катчысы Юсуф Бин Ахмед Аль-Усеймин "Биз Алладан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тынбай тиленебиз, ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө тынчтык жана эсенчилик каалайбыз" деген куттуктоосун жиберген.

Ал эми мамлекет башчылар Жапаровго чың ден соолук, ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

Куттуктоо катын жиберген президенттер:

  • Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
  • Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заид Аль Нахайян;
  • Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев;
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;
  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
  • Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов;
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
  • Оман мамлекетинин султаны Хайсам бин Тарик.
0
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, президент, куттуктоо, орозо айт
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Ыраазылык жана кызматташуу. Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады
Рахмон куттуктоосунда Жапаровго ден соолук, кыргыз элине тынчтык тиледи