Кыргызстан Болливудга эмнеси менен кызык? Индия элчисинин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековИндиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри
Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда индиялык студенттер кандай көйгөйлөргө кабыларын, эмнеге биздин өлкө Болливуд үчүн жакшы аянтча болушу мүмкүн экенин, адамды карантин эмнеге үйрөтө аларын Индиянын Кыргызстандагы элчиси айтып берди.
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Индиянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри менен маек курду.
— Сиздин оюңузча, Кыргызстан менен Индияны эмне байланыштырып турат?
— Өтө көп нерсе. Байыркы доордо биздин зыяратчылар жана соодагерлер Борбор Азия тоолоруна саякаттаган экен. Совет доорунда Болливуд Борбор Азиянын элдерине Индияны көбүрөөк таанууга шарт түзгөн. Раж Капур, Митхун Чакроборти чөлкөмдө таанымал эле...
Азыр да бул чөйрөдө бир топ нерселер болуп жатат, ал эми интернетте фильм көрсөтүүчү ийгиликтүү сервистердин биринде 80 пайызы Кыргызстанда тартылган "Торбаз" блокбастери чыкты.
Эски жана жаңы Болливуд, йога, индиялык ашкананын бул жакта популярдуулугу артып барат. Өз кезегинде Кыргызстан да көп нерсени сунуштай алат. Кыргыздар токтоо, ошол эле убакта шайыр калк. Тоолор, көлдөр, шалбаалар, жылкылар, чайыттай тийген күн, аппак кар — булардын баары Болливуд тасмалары үчүн мыкты аянтча болуп берет.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи: Кыргызстанда эски жана жаңы Болливуд, йога жана индиялык ашкананын популярдуулугу артып барат
 Чрезвычайный и Полномочный посол Индии в Кыргызстане Алок Амитабх Димри - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элчи: Кыргызстанда эски жана жаңы Болливуд, йога жана индиялык ашкананын популярдуулугу артып барат
— Айтыңызчы, Индияда калкты COVID-19га каршы эмдөө кандай жүрүп жатат? Индиялык вакцина кайсы мамлекеттерге жөнөтүлүүдө?
— Коронавирус жалпыбыз үчүн күтүүсүз болду. Дүйнөлүк экономика, логистика, туризмге эбегейсиз залал келтирген глобалдык көйгөйгө айланып кетерин эч ким элестеткен да эмес. Ага ылайыкташууга аргасыз болдук. Индия жагдайга жараша тез аракет, чараларды көрдү. Биздин өлкөдө медицина көптөн бери өнүгүү жолунда, фармацевтикада олуттуу илимий изилдөөлөр ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
Кыргызстандагы Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2019
Өзбекстандын элчиси: Боомго баргандагы учур эсимден кетпейт...
Эки индиялык компания COVID-19га каршы вакциналарын иштеп чыкты. Биз аларды бекер да, коммерциялык негизде да Непал, Бутан, Бангладешке экспорттодук.
Жакында премьер-министр Нарендра Моди жалпы индиялык эмдөө кампаниясын жарыялады. Демек, индиялыктардын көпчүлүгү коронавируска туруштук бере алышат. Эпидемиянын үчүнчү толкунун кыйла дурус абалда өткөрөбүз деген үмүт бар.
— Кыргызстанда былтыркы июль "кандуу" болуп, COVID-19 бир топ кишинин өмүрүн алып кетти. Индия бийлиги өлүмдүн алдын алуу багытында кандай кыйынчылыктарга тушукту?
— Вирус менен күрөшүүнүн универсалдуу ыкмаларын пайдаландык. Бул олуттуу гуманитардык чакырык болду, аны менен күрөшүү үчүн ыкчам чараларды көрүүгө тийиш элек. Калкынын саны көп өлкө үчүн алар кынтыксыз болбойт экен.
Бул пандемия да тарых барактарынын бүктөмүндө калганда окумуштуу эпидемиологдор тигил же бул аракеттердин артыкчылыгы жана кемчиликтерин талдап, бүтүм чыгара алышар.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи: тоолор, көлдөр, шалбаалар, жылкылар, чайыттай тийген күн, аппак кар — булардын баары Болливуд тасмалары үчүн мыкты аянтча болуп берет
 Чрезвычайный и Полномочный посол Индии в Кыргызстане Алок Амитабх Димри - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элчи: тоолор, көлдөр, шалбаалар, жылкылар, чайыттай тийген күн, аппак кар — булардын баары Болливуд тасмалары үчүн мыкты аянтча болуп берет
— Индияда миңдеген улуттардын жана жүздөгөн диний жамааттардын өкүлдөрү батышып жашайт. Айтсаңыз, буга кантип жетиштиңиздер, дегеле жеке өзүңүздүн динге мамилеңиз кандай?
— Дин — бүгүнкү күндө колубуздагылардын алда канча байыркысы. Аны батыш жана чыгыш цивилизациясын жактоочулукка жараша кароо керек. Мисалы, Индияда дин жана руханий философия бир бүтүн болуп саналат.
Эгер Батышта Декарт жана Канттын доорунан тарта объективдүү жана субъективдүүлүк, дене жана жан дүйнө жөнүндө камтылса, индуизмде дин жөнүндө ой жана анын акылга, адамдын жүрүм-турумуна, жан дүйнөсүнө, ааламга жана башкага таасири тууралуу көбүрөөк айтылат. Натыйжада Чыгышта дин деп аталган нерсе Батышта философия катары каралат. Чыгыш салтында дин ишеним деле эмес, жашоо образынын аныктамасы. Буддизм деле — сыйынуу жана диний практикалар эмес, бул жашоо эрежеси.
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2018
Памирлик кыргыздарды көчүрүү боюнча кеп жүргөн эмес. Афган элчиси менен маек
Илим менен динди бөлүүгө мүмкүн деп эсептебейм, себеби илим дайым далил талап кылат, бирок бизди көзгө көрүнбөгөн нерселер да курчайт. Бул — ой, акыл-эс, буларсыз илимдин болушу мүмкүн эмес. Ой дайым прогресстин кыймылдаткычы болуп келген жана боло берет, бирок ал материалдык нерсе эмес. Мен үчүн илимий ачылыштарга умтулуунун өзү — Кудай.
Орус салтында ири илимий ачылыштар динди тааныбаган социализм тушунда болгон. Батыш тарыхында Галилео Жер ааламдын борбору эмес деп чыкканында жазага тартылган. Планеталар тегерек орбита боюнча айланбастыгын айткан Кеплер да... Ошол эле учурда планеталардын кыймылына байкоо салуу жана көптөгөн астрономиялык ачылыштар алгач дал байыркы диний эмгектерде чагылдырылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи: эки индиялык компания COVID-19га каршы вакциналарын иштеп чыкты
 Чрезвычайный и Полномочный посол Индии в Кыргызстане Алок Амитабх Димри - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элчи: эки индиялык компания COVID-19га каршы вакциналарын иштеп чыкты
— Кыргызстандын бийлигине индиялык студенттерди офлайн окутууну азырынча ачпай туруу өтүнүчү менен кайрылдыңыз. Бүгүн бул маселеге кандай карайсыз?
— Коронавирус пандемиясы АКШ, Кыргызстан, мен же сиз тарабынан эмес, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жарыяланды. Ошондуктан мында кеп окууну кадимки режимде баштоо жөнүндө эмес, бир дагы өлүм катталбайт деп ишене алабызбы, маселе ошондо. Жаштардын саламаттыгы абдан маанилүү...
COVID-19дун кооптуу экени бизге жаңылыкпы? Өлүмгө кептей турганынан кабардар эмеспизби? Өлүм санын тастыктай турган көрсөткүчтөрүбүз жокпу? Коронавирус жашоо образыбызды өзгөрткөнүн билбейбизби? Бет кап жана аралыкты сактоо түшүнүгү турмушубузга бекем орноду, ал эми онлайн билим берүү улам кадыресе көрүнүшкө айланып барат.
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекованын маеги. II бөлүк
Көп өлкөлөр, маселен, Германия дале карантинди улантып, мектеп жана университеттерди ача элек. Биз дагы адам өмүрүн сактоо маселесинде бекем позицияда турушубуз керек.
Пандемия маалында студенттердин саламаттыгына биринчи болуп тынчсызданып чыкканыма таң калдым. Окуу жайлардын ректорлорунан мындай кооптонууларды уга албадым.
Так кайсы экенин атагым келбейт, бирок Кыргызстанда айрым окуу жайлардын кампустары июлда ачык турду. Бул жоопкерчиликтүү мамилеби? Студенттерди мекенге алып кетүү аягына чыгып калганда арасында илдет жуктургандар аныктала баштаган...
Экинчи көйгөй — КРдеги медициналык инфраструктуранын чабалдыгы. Бишкекте ноокастар үчүн керебеттер тартыштыгын баарыбыз уктук, эгер кыргызстандыктарга жетпей жатса, индиялык студенттер боюнча эмне айта алмакпыз?
Мен алардын саламаттыгы үчүн жооптуумун деп эсептейм. Кадимки билим берүү режимин жандандырууну талап кылып жаткан адамдар да өз жоопкерчилигин аңдоого тийиш. Окуу жайлардын жетекчилиги да бул маселе боюнча айтып чыгышса болмок.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи: илим менен динди бөлүүгө мүмкүн деп эсептебейм, себеби илим дайым далил талап кылат, бирок бизди көзгө көрүнбөгөн нерселер да курчайт
 Чрезвычайный и Полномочный посол Индии в Кыргызстане Алок Амитабх Димри - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элчи: илим менен динди бөлүүгө мүмкүн деп эсептебейм, себеби илим дайым далил талап кылат, бирок бизди көзгө көрүнбөгөн нерселер да курчайт
— Индиядан келген студенттер сизге көбүнесе кандай көйгөйлөр менен кайрылышат? Жергиликтүү коомго жана жашоо сапатына "көнүү" боюнча даттанышабы?
— Студенттер турист эмес. Албетте, аларды жакшы жайгаштырып, курсактарын тойгузуу маанилүү. Бирок мында негизги маселе — алардын бул жакка келишинин түпкү максаты. Алар билим алабыз деп келишкен.
Эми биз бир нерсени сурайлы. Өлкө өзүн врачтар менен камсыздай албай, кыргызстандыктардын көбү медициналык жардам алууга Индияга каттап турганда эмне үчүн миңдеген индиялык студенттер медицинаны Кыргызстанда өздөштүрүп жатышат?
Маселенин баары билим берүү сапатында. Кыргызстанда медициналык илимдерди окуткандар миңдеп саналабы? Англис тилинде сабак бере алган 500 киши чыкса таң калмакмын. Индиялык студенттер предметтин маңызын түшүнүү үчүн орус тилин үйрөнүшөт. Себеби алардын болочок кесиби түздөн-түз адам өмүрүнө байланышкан эмеспи. Медициналык билим берүүнүн сапаты окутуу маалындагы клиникалык тажрыйбадан түз көз каранды. Атап айтканда, индиялык колледжерде бул өтө маанилүү.
— Өзүңүз карантинди кантип өткөрдүңүз, пандемия жашооңузду кандай өзгөрттү?
Матч по крикету между Австралией и Индией - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2020
Пресс-борбор
ЕАЭБ мамлекеттеринин Индия менен соода алакасы. Статистика
— Биринчиден, мен үчүн жашоо образы жана графиктин өзгөрүшү чакырыктай эле болду, бирок жеке саламаттыгым үчүн абдан кооптондум. Экинчиден, адамдардын оор жоготууларын көрүү жүрөктү тилип турду. Күн сайын улам бири туугандарын жана жакындарын жоготуп жатпадыбы... Ошондуктан карантинде мен кыйналдым дегенге акым жок. Коркуу сезими менен күрөшүү, кесиптештер, достор, жакындарыбыз менен көрүшө албаганыбыз татаал экен. Бирок өлүм жана коркунуч каптап турганда досуң менен кофе ичип, кечеге барып же өз иштериңди уланта албай калганың — андай деле оор нерсе эмес.
Ар бир нерсенин жакшы жагын табууга болот. Карантин мага өз графигимди тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берди. Убагында уктап, алда канча эрте тура баштадым. Таңкысын йога менен алектенчү болдум, мурда мойнум жар бербей келген эле.
Ар күнү таңдын атышына көз салып жатып, Кыргызстанда таңкы маал абдан кооз экенин белгилегим келет. Короодо күндө йога менен машыгып жүрүп, табияттын бул көрүнүшүнө көз салууну бир дагы жолу калтырбадым десем болот.
Ашканада көбүрөөк убакыт өткөрүп, өз тамагымды өзүм жасай баштадым. Тиричилигимди талдап, мурда убакыт таба албай келген китептерди окууга кириштим. Айтор, мындан ары да уланткым келген адаттарды калыптандырдым.
Жаңылыктар түрмөгү
0