Суу камдап алгыла! Эртең Бишкектин кээ бир жерлерине ичүүчү суу берилбейт

© AFP / VOISHMELКрандан суу алып жаткан адам. Архив
Крандан суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Эртең, 11-мартта, шаардын райондорунун биринде муздак суу берилбейт. Ысык суу менен жылуулук да токтошу мүмкүн.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 11-мартта Бишкектин кээ бир жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин шаардын Абакан, Белгородск, Кустанай, Тирасполь көчөлөрүнө жана Архангельский кууш көчөсүнө ичүүчү суу берилбейт.
Бул "Киркомстром" суу дамбасындагы жана шаардык суу түтүктөрү тармактарын жазгы-жайкы мезгилге даярдоонун алкагындагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
"Мындан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 11-мартта аталган аймактарга ысык суу менен жылуулук берүүнү убактылуу токтотушу ыктымал. Ал эми 12-мартта саат 10:00дөн тарта Тимур Фрунзе, Гагарин жана Кахов көчөлөрү (Дыйканчылык институтунун аймагы) менен чектешкен аймакта суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Суу берүү убактылуу токтотула турган мекемелердин тизмеси:
  • "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы;
  • "Бишкек мультсервис" ишканасы;
  • №137 "Счастливая страна" балдар бакчасы;
  • "Нургаз" ЖЧКсы;
  • Дарыгер Бекбоевдин медициналык борбору;
  • Васипов ишканасы (наавайкана);
  • №31 Астраханск балдарды коргоо борбору;
  • №42 мектеп;
  • "Шинкар" дүкөнү;
  • "ГМК Корунд" ЖЧКсы;
  • "Салтанат" кафеси;
  • "Санжыра" чайханасы;
  • "Меридиан" банкет залы;
  • №43 почта байланыш бөлүмү;
  • "Мастер Комп" компьютердик клубу;
  • "Роза" сулуулук салону;
  • "Гранд Плюс" дүкөнү;
  • "Окно Роста" ЖЧКсы;
  • "Азия радуга" кондитердик цехи.
"Бишкек суу канал", "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0