Коронавирусту 52 киши жеңип, кайра ошончо адам жуктурду. Акыркы статистика

© AP Photo / Channi AnandКоронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Учурда стационарда 291 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен бир адамдын абалы канааттандырарлык, 195и орточо, 79у оор, 15и өтө оор абалда.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 52 киши жуктурса, кайра ошончо адам сакайганын Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Статистика мурдагыдай эле — 1 476.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 26;
  • Чүй облусу — 16;
  • Ош облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Баткен облусу — 2.
Өткөндө суткада 52 кишиден оору чыккан. Пандемиядан бери жалпысынан 86 692 адам ооруду.
Сакайгандар:
  • Бишкек — 19;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 9;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 2.
Бир сутка ичинде 52 киши, ал эми жалпысынан 83 718 киши ооруну жеңди.
Учурда стационарда 291 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен бир адамдын абалы канааттандырарлык, 195и орточо, 79у оор, 15и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 264 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0