Ооруканага түшкөн КР эл артисти Геннадий Базаровдун абалы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров. Архив
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Кинематографист КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында ак халатчандардын көзөмөлүндө.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу президентин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олюксюк билдирди.
Анын айтымында, КР эл артистинин абалы начарлап эки күн мурун ак халатчандарга кайрылган.
"Режиссер бизде эки күндөн бери жатат, мурдагыга салыштырмалуу абалы кичине жакшырып калды. Буюрса, аны толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Бүгүн жандандыруу бөлүмүндө жатат, эртең неврологияга которууну пландап жатабыз", — деди ал.
Геннадий Базаров 60 жылдан ашык убакыттан бери ата мекендик кинематография тармагында эмгектенип, "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмаларды жараткан. Эң биринчи эмгеги катары саналган "Саманчынын жолу" тасмасын 23 жашында тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0