Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖоюлуп кеткен финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев. Архив
Жоюлуп кеткен финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ошол кездеги жетекчиси Сыймык Жапыкеевге Финансы полициясынын генерал-майору наамы берилгени айтылды.
Наам тууралуу ээси алгач өзү айтып чыкты. Андан соң КР президентинин маалымат кызматы кабарды тастыктап, наам 4-март күнү берилгенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Жапыкеев тууралуу фактыларды даярдады.

Чоң атанын тарбиясы, тентектик

Сыймык Жапыкеев 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында инженердин үй-бүлөсүндө туулган. Кичинекей кезинен чоң ата менен чоң апасынын колунда өскөн. Өмүр бою совхоз менен колхоздун ишин кылган чоң атасы Жапыке Сыймыкка катуу айтпай, эрке, тентек кылып чоңойткон. Чоң атасы ал кичинекей кезинде эле прокуратураны көрсөтүп, "ушул жакта иштейсиң, буюрса" деп батасын бере берген. Ал эмне имарат экенин Сыймык өзү билчү эмес.

Көлдөн шаарга келип окуган

Мектепти башында Бөкөнбай айылынан, андан кийин Бишкекке келип окуган. Кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган. Өзү 4-5-6-курстарда үйүнөн кошумча окуп, билимин тереңдеткенин айтат. Сабактан кийин Ленин райондук прокуратурасында тергөөчүгө штаттан тышкаркы жардамчы болуп иштеген.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Гүлнара-Клара Самат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Максим Бакиевден коркуп Москвага качкан. Россиядагы жаңы элчи тууралуу 9 факты
Прокуратурада 15 жыл эмгектенген 
Сыймык Жапыкеев 2001-2009-жылдар аралыгында Түп райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү, Ак-Суу райондук прокуратурасында, Балыкчы шаардык прокуратурасында жана Ысык-Ата райондук прокуратурасында ага тергөөчү, Кемин райондук прокуратурасында тергөө маселелери боюнча прокурордун орун басары болуп иштеген.
Ал эми 2009-2014-жылдары УКМК, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында органдарды тергөө боюнча көзөмөл бөлүмүнүн прокурору, коррупцияга каршы башкармалыктын прокурору болгон.

Кумтөргө досу чакырган

2015-2018-жылдары "Кумтөр Голд Компани" ишканасында келишим менен юрист-жактоочу болуп иштеген. Прокуратурадан кеткенден 2-3 айдан кийин Нурдин аттуу досу аталган компанияга чакырган. Сыймык Жапыкеев башында айына 500 доллар, кийин 10 миң долларга чейин айлык алганын жашырган эмес.

Ашканадагы кайрылуулары, Жумалиевди карматышы

Сыймык Жапыкеев былтыр үйүнүн ашканасында отуруп алып бир канча аткаминердин, анын ичинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу видео кайрылууларды жасап, аларды текшерип чыгууга чакырган. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды куру доомат деп, Жапыкеевди сотко берген. Азыр депутат УКМКнын тергөө абагында

"Баш прокурор" болуп алышы, Финполго келип-кетиши

Сыймык Жапыкеев "Чоң казат" партиясынан парламенттик шайлоого аттанып, 5-октябрдагы окуялардан кийин Башкы прокурордун милдетин аткарган. Партия лидери Максат Мамытканов Жапыкеев юридикалык жактан бекитилбегенин, бирок мыйзамсыздыкты алдын алуу үчүн жана прокуратуранын айрым иштери жүрүп турушу үчүн иштеп жатканын айткан.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Талант Мамытов: бийликке "каралар" келди дегендер таржымалыбызды окуп койсун
Жапыкеев 17-октябрда Финансы полициясына жетекчи болгон. Ал соңку кайрылуусунда акыркы төрт айда бюджетке 800 миллион сом өндүргөнүн, чоң кылмыш иштери боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жатышканын айткан.
5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыкты. Документте аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.
Жапыкеевге Финансы полициясын жетектей баштаганда полковник наамы берилген, андан кийин генерал-майор болду.

Спортту эмес окууну тандаган

Спорт менен машыгып, 1995-жылы Ошто эрежесиз урушка чыккан. Бирок спорттун келечегинен күмөн санап окууга ыктап кеткен. 2017-2020-жылдары КРдин Шахмат федерациясынын вице-президенти болгон.
Жапыкеев саякаттаганды да жакшы көрөрүн айткан.

Алдан кетирген оорусу

Өзү акыркы билдирүүсүндө бир жылдан бери катуу нерв болуп, канты көтөрүлүп кеткенин, дарыгерлер карап жатканын айткан. Финполдо иштеп ооруканага жатып чыгып, "Кант диабетин бир да окумуштуу айыктыра албай койду. Эч жериң оорубайт, бирок бүт органдарды жейт экен" деп айткан эле.

Үй-бүлөсү

Жубайы Эркегүл өзү сыяктуу юрист, бирок кылмыш эмес жарандык укук жаатындагы (цивилистика) адис. Окуу жайда чогуу окушкан, Кумтөрдө да бирге иштешкен. Экөө он алты жылдан бери түтүн булатып, эки баланы тарбиялап келишет. Улуусу Улукбек 14 жашта, кичүүсү Сайкал 12де.
Жаңылыктар түрмөгү
0