ТИМ Ирактагы кыргыз балдарын мекенге кайтаруу иштери аяктап калганын билдирди

© AFP / HUSSEIN FALEHСитуация в Ираке из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Ираке из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Өлкөнүн ведомстволор аралык жумушчу тобу гуманитардык миссия менен барып, балдар жайгашкан өлкөдө иш алып барууда.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Иракта калган кыргызстандык балдарды мекенине кайтаруу иштери соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Алар пенитенциардык жазаны өтөп жаткан жана атайын мекемелерде кармалган жашы жете элек балдар экени айтылат.
"Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында гуманитардык миссия менен Иракка Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ жөнөтүлгөн. Алар тарабынан даярдоо иш-чаралардын комплекси, ошондой эле мекенине балдарды кайтаруу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө тиешелүү документтерди тариздөө жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сапарга барган топтун иши аяктоо стадиясында турганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0