Көпчүлүгүбүздө бар. Рак илдетин пайда кылчу 7 вирус аталды

© Фото / Pexels / cottonbroЛечение герпеса
Лечение герпеса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, рак илдети бул вирустар адамдын организминде пайда болору менен эле башталбайт.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Блохин атындагы онкология борборунун кызматкери, медицина илимдеринин доктору Владимир Гурцевич адамдын организминде залалдуу шишикти пайда кыла турган жети вирусту санап берди. Бул тууралуу "АиФ" басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү күндө рак илдетине алып келчү жети вирус белгилүү. Адатта алардын бардыгы эле көпчүлүк адамдардын организминде жашайт. Бирок зыянын тийгизбей жүрө беришет. Айрым жагдайларга гана баш көтөрүп, айыккыс дартты пайда кылат", — деди адис.
Төмөнкү вирустар рак илдетин козгой алат:
  • В жана С гепатитинин вирусу — боор рагы;
  • Эпштейн-Барр вирусу – мурун көңдөйүнүн рагы;
  • Адамдын папиллома вирусу — жатын, ооз көңдөйү жана кызыл өңгөч рагы;
  • Сегизинчи типтеги герпес вирусу — тери рагы;
  • Адамдын Т-лимфотроптук вирусу — кан рагы;
  • Меркелдин полиомавирусу — тери клеткаларынын рагы.
Гурцевичтин айтымында, рак илдети бул вирустар адамдын организминде пайда болору менен эле башталбайт. Эгер өрчүп кеткенге шарт пайда болсо, алардын организмдеги инкубациялык мезгили 3-5 жылдан 15-20 жылга чейин созулушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0