Филология илимдеринин кандидаты, жазуучу Тазабек Саманчин  үй бүлөсү менен. Архивдик сүрөт

Атамдын эмгектерин көз алдында өрттөшкөн. Тазабек Саманчиндин кызы менен маек

1556
(жаңыланган 10:30 15.03.2021)
Өткөн кылымдын 30-40-жылдары эл агартууга билимин, дараметин жумшагандар саналуу эле болгон. Алардын бири филология илимдеринин кандидаты, жазуучу Тазабек Саманчин. Белгилүү окумуштуу кийин камалып, куугунтукталып, эч бир кызматка алынбай далай азапты көргөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүрү жана чыгармачылыгына кайрылып, илимпоздун кичүү кызы Гүлсана Саманчин менен маек курду. Каарманыбыз президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында эндокринолог болуп иштейт. 

Дочь кандидата филологических наук, писателя Тазабека Саманчина Гулсана Саманчин
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Гүлсана Саманчин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында эндокринолог болуп иштейт

— Алгачкы сурообузду атаңыздын балалыгынан баштайлы, томолой жетим бала билим алуу үчүн Москвага кантип кеткен?

— Атам Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Чоң атабыз жөнүндө деле маалымат жок, чоң энем болсо 1916-жылдары көз жарып кыздуу болуп, чүрпө чарчап, энем өзү да кайтыш болуп калган экен. Атам эч кимиси жок жалгыз калгандыктан Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, кат-сабатын жоюп, борбор калаада билим алып өз киндигин өзү кескен. Жогорку окуу жайды аяктаган соң Жалал-Абад шаарында мугалим болуп иштеп, кесибин жогорулатууну көздөп Москвадагы педагогикалык институтка тапшырган. 

Портрет кандидата филологических наук, писателя Тазабека Саманчина
© Фото / из семейного архива Данияровых
Саманчин: атам эч кимиси жок жалгыз калгандыктан Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, кат-сабатын жоюп, борбор калаада билим алып өз киндигин өзү кескен

— Апаңыз кыргыз балет өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун билебиз. Алардын сүйүү баяны жөнүндө айта кетсеңиз.

— Апам Гүлбара Даниярова Ленинград шаарындагы жогорку окуу жайды аяктап 18 жашында турмушка чыккан. Ал кезде атам бир топ эле таанылып, төбөсү көрүнүп калган экен. Менимче, экөө таякелерим аркылуу таанышкан окшойт. Бир жылдан кийин улуу эжем жарык дүйнөгө келип, төрөттөн кийин энем сахнага чыкпай калган. Ошентип, ал мугалимдикти аркалап, бир топ кыргыз балетинин жылдыздарын өстүрдү. Экөө бири-бирине ыраазы болуп өмүр сүрүп, далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн.

— Атаңыз 21 жашында эле Москвада билим алып, 30 жаштан өтүп илимдин кандидаты болуп жатат. Балким, тилчинин мындай ийгиликтеринен улам көрө албагандар бут тосушкан деп ойлобойсузбу?

— Атам жаштайынан эле шыктуу, таланттуу адам катары таанылып, эрте эле көрүнүктүү окумуштуулардын катарын толуктаган. Жаштар, илимпоздор арасында тез эле кадыр-барк топтоп, жылдыздуу дагы болгон экен. Ошол жылдары анын макала, эмгектери байма-бай жарыялангандыктан көрө албагандар арбын эле болгон деп айтышат. Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин бир саясат таануучу 1949-жылы камалып кеткен кыргыз интеллигенция өкүлдөрү жөнүндө илимий эмгек жазып, атайын кызматтын архивдик документтери менен айлап иштеп калыптыр. Ошол адам мага "укук коргоо органдарына атаңыздын жанында жүргөн эле кесиптеш, замандаштары каралаган каттарды көп жазышыптыр" деп айтып калды. Кийин ошол жамандап кат жазгандар кызматынан да жогорулашкан экен. Көрсө, атам ошол жылы темир тор артында болгондордун ичинен негизги фигура болуптур. Изилдөөчү мага ал адамдардын айрымдарынын аты-жөнүн да айткан, мен азыр аларды атагым келбейт. 

Кандидат филологических наук, писатель Тазабек Саманчин с сыном Бекташ и дочкой Гулсаной
© Фото / из семейного архива Данияровых
Саманчин: атам жаштайынан эле шыктуу, таланттуу адам катары таанылып, эрте эле көрүнүктүү окумуштуулардын катарын толуктаган

— Тазабек Саманчин камалып кеткенде анын жакындары да куугунтуктоолорго туш болгондур, апаңыз жалгыз балдарды кантип чоңойткон?

— Ал камакта жатканда апам менен көп адамдар сүйлөшкүсү келбей качып калышкан. Ал эми туугандары жанында болуп, кол кабыш кылып турушчу. Себеби таенемдин жолдошу 1930-жылдары кулакка тартылып кетип, ал киши сегиз баласы менен биздин үйдө жашаган. Ошол жактан көпчүлүгү мектепке барып, окуу жайда билим алып көрүнүктүү илимпоздорго айланган. Чындыгында, атам жашоосунда өзүнүн ой-пикирин бетке ачык айтып жүрүп катуу жабыркап калды. Союз маалында эжем мектепти аяктаганда Ленинград шаарындагы технология институтуна өтүп кетип, окуганы кетип бара жатканда погончондор аны поездден түшүрүп Пермге жөнөтүп салышкан. Ага атамдын репрессияланганы себеп болгон. Ал жак суук болгондуктан жакындарыбыз Алматыдагы фармацевтикалык институтка которгонго аракет кылыптыр. Ошондон кийин атам өзүндөй оор тагдырды балдарына ыраа көрбөй, бизге өтө тынчсызданган. Ата-энем бизди да коомдо акырын жүрүп, эл алдына чыкпай тынч эле жашаганга чакырышчу. Камактан чыгып келгенде темир тор артындагы жашоону биз такыр сүйлөшчү эмеспиз, үйдө ал жабык тема болчу. Атам ошол жактан гипертония менен ооруп келди.

— Окумуштуу Казакстандагы Караганда лагеринен чыккандан кийин деле иштей албай, көп эмгектери жарыяланбагандай сезилет. Ошол жылдары көбүнчө эмне менен алектенди?

— Сталиндин өлүмүнөн кийин атамды акталганына карабай оңгулуктуу иштетишкен жок, бут тоскондор арбын болду. Айрым адамдардын айтуусу боюнча, бир жолу атамды белгисиз адамдар бир жерге алып барып, көз алдынча анын эмгектерин өрттөп шылдыңдашкан экен. Ошол окуядан кийин бийликтегилерге ал катуу таарынып жүрүптүр. Мен көз алдымда болгон бир окуяны эле айта кетейин, 1970-жылдары аспиранты Бектурсун Алымов экөө мектеп окуучулары үчүн китеп жазышкан. Ал эмгек жарыяланганда автору жалгыз Алымов болуп калыптыр, ошондо атам аны менен соттошкусу келген. Мен анын кайгырып, ачуусу келген учурларын өз көзүм менен көрүп жүрдүм, ошол окуядан кийин ден соолугу ого бетер начарлап кеткен. аябай оор учурлар эле. 

Кандидат филологических наук, писатель Тазабек Саманчин в курорте в Джети-Огузе
© Фото / из семейного архива Данияровых
Саманчин: Сталиндин өлүмүнөн кийин атамды акталганына карабай оңгулуктуу иштетишкен жок, бут тоскондор арбын болду

— Жарыяланбай калган чыгарма, котормо, кол жазмалары барбы?

— Көзү өтүп кеткенден кийин көптөгөн кол жазма, эмгектерин Маданият министрлигиндегилер келип алып кетишкен. Кийин мен 1970-жылдары жазылган, бирок окурмандарга сунуштала элек "Лакаптан романга" деген эмгегин саналуу эле нускада чыгардым. 60-жылдары аябай көп жазчу, иш бөлмөсүндөгү столунда кагаздар үйүлүп калчу.

— Өмүрүнүн акыркы жылдарын кантип өткөрүп, уул-кыздарына кандай тарбия берди?

— Атам ал кезде китеп, журналдарды көп окуп, мурдагыга салыштырмалуу жазчу деле эмес. Өзүн ооруп эч кимге кереги жоктой, жанында жакындары эле калганбыз. Үйдө кичүүсү болгондуктан атамдын көз алдында өстүм, анын кыйналып ооруп жүргөнүнө күбө болдум. Мен мектепти аяктап Москвада окууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Бирок атам "кызым мени менен эле калсын" деп жиберген эмес. Балким, кичүүсүнүн көз алдында болуусун каалагандыр. Кийин турмушка чыгайын деп калганда атам экинчи жолу инсульт алды. Ошондо тамашалап "кызым күйөөгө тийгенде аны менен кошо кетем" деп калчу. 1979-жылы үчүнчү ирет инсульт алып кайтыш болуп калды. Жашоодо өзү каалаган көп нерселерди жасай албай кетти.

Үй-бүлөбүз жөнүндө айтсам, эжем Бермет кесиби боюнча фармацевт, көп жыл медицина тармагында эмгектенген. Учурда ал ардактуу эс алууда, илимдин кандидаты. Агам Бекташ инженер-электрик, өмүр бою ЖОЖдо мугалим болуп иштеп келет.

1556
Белгилер:
Кыргызстан, окумуштуулар, маек
Тема боюнча
Сүйүктүүсүнө Аалы Токомбаев менен Ташым Байжиев ашык болгон. Карасаев тууралуу маек
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...
Ашыраалы Айталиевдин небереси: чоң атам футбол, бильярд ойночу, романтик эле
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жомокчу Бегайым Жайчиева: аял турмушта башкача жашап өтүшү керек экен...