Премьер-министр Улукбек Марипов Оштун Араван районунун фермерлери менен жолугушуу учурунда

Марипов: ширелерди четтен сатып алабыз, өзүбүздүн алмалар чирип жатат

151
(жаңыланган 13:40 14.03.2021)
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери коңшу өлкөдөн арзан баада жер семирткич алуу боюнча макулдашышкан.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички рынокто импорттолгон продукциялардын көптүгү башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Оштун Араван районунун фермерлери менен жолугушууда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министр Улукбек Марипов на встрече с фермерами Араванского района Ошской области
    Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички рынокто импорттолгон продукциялардын көптүгү башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жатат
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Улукбек Марипов на встрече с фермерами Араванского района Ошской области
    Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Оштун Араван районунун фермерлери менен жолугушууда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Рабочие фермерского хозяйства в Араванском районе Ошской области
    Ал мүмкүн болушунча жергиликтүү азыктарды алуу керектигин белгилеген.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички рынокто импорттолгон продукциялардын көптүгү башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жатат

Ал мүмкүн болушунча жергиликтүү азыктарды алуу керектигин белгилеген.

"Өсүмдүк майын, кумшекерди, керек болсо ширелерди да биз сырттан сатып алабыз. Ошол эле маалда жергиликтүү алмалар чирип жатат. Өзүбүз чыгарган азыктарды алышыбыз керек. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн зор колдоо. Келечекке көз чаптырсак, дыйкандар суроо-талап болгон өсүмдүктөрдү гана өстүрүп калат", — деген Марипов.

Премьер-министр мындай учурда өкмөткө фермерлерди таза үрөн жана жер семирткич менен камсыздоо милдети коюларын белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстандан арзан баада жер семирткич сатып алуу боюнча кошуна мамлекеттин өкмөтү менен келишим бар.

Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун жашоочулары менен жолугушууда
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Сиздерде таза урук бар экен. Жер семирткич маселесинде мен Өзбекстандын премьери менен сүйлөштүм, биз арзан баада алардан жер семирткич алып келүү боюнча макулдаштык", — деди премьер.

Өкмөт башчысы айыл чарба техникаларынын күйүүчү май көйгөйүнө да токтолду.

"Акыркы маалда күйүүчү май жана дизель отунуна болгон баа өсүп кетти. Бул бүткүл дүйнөлүк тенденция болуп жатат. Баалардын кескин жогорулап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн биз мунайды сыртка сатууга убактылуу тыюу салдык", — деди ал.

Марипов жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи.

151
Белгилер:
айыл чарба, үрөн, жер семирткич, Өзбекстан, Күйүүчү май, Улукбек Марипов, фермер
Тема боюнча
Марипов: паспорт менен күбөлүктөрдү айыл өкмөтү берип баштайт
Ооруканадагы бейтап. Архив

Бир суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алды

5
(жаңыланган 14:45 01.08.2021)
Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы оор болсо, 222синин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Нарын — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 335 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 кишинин абалы оор болсо, 222 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 10 369 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды.

5
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, дарт, өлүм, статистика
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктургандарга Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундар
Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

45
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

45
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды