Өзүмдү курмандыкка чалып жашап өтөмбү? Күйөөсү менен жарашкан келиндин каты

© Фото / Pixabay / StockSnapБасып бараткан аял. Архив
Басып бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошу менен кайрадан жарашса да үй-бүлөлүк маселелерин чече албай жаткан келин кайрылган.
Саламатсыздарбы! Күйөөм менен үч жылдай ажырашып жүрүп кайра жараштык. Ажырашуубузга көп нерсе түрткү болду. Кайындарымдын да үлүшү бар. Акыры төркүнүм да кийлигишип, баса бергем. Уруштун чыгышына жолдошумдун жүрөнөөктүгү себеп болгон. Ошентип билинбей эле арадан үч жыл өтүп кетти.  Ага чейин баласына келип жүрдү. Акыркы күндөрү күйөөм кечирим сурап, "экинчи кайталанбайт" дегенинен уулума карап жарашып алгам. Унутушуп жашап кетебиз го дедим. Ортодо бир уулубуз бар, беш жаштан өтүп калды. Азыр кайра боюмда болуп калыптыр. Баламды жалгыз кылбай төрөп алайын деп сүйүнүп жатам. 
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Эркектерди душманымдай көрөм. Турмуштан көңүлү калган айымдын каты
Бирок жолдошум экөөбүздүн бир чамгарак алдында түтүн булатуубуздун келечеги барбы же дагы бир күнү бала менен калтырып басып кетеби, билбейм.
Анткени “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” болуп күйөөм дагы эле көңүлдөшү менен мамилесин үзбөгөнүн байкап жатам. Эмне кылып, кандай мамиле жасаарымды да билбей калдым. Күйөөм ортодогу уулубуз үчүн эле кайра кайтып келгендей сезилип, өзүмдү ар дайым жемелей берем. Өмүр бою өзүмдү курмандыкка чалып жашап өтөмбү деп да ойлоном. Кандай кеңеш бересиздер?
Психолог Айгүл Ысыкеева:
Сиздер ажырашып, кайра жарашыпсыздар. Ар бир ажырашуунун себеби болот. Ошондуктан жарашуу алдында ошол көйгөйдү чечип, маселеге чекит коюп, таарынычтарды унуттуңуздарбы же бала үчүн эле кайра жарашып алдыңыздарбы?
Каттын ээси "өмүр бою курмандык болуп өтөмбү?" деп жазыптыр. Бул келин өзүн ойлобой башкалардын көз карашы менен жашап, каалабаса да алардын койгон шартына макул болуп көнүп калгандай көрүнөт. Адам бир нерседен коркуп тынчсызданганда өз каалоосунан баш тартат. Жарашпасам өзүм күйөөсүз, балам атасыз калат, материалдык жагым кантет же эл эмне дейт өңдүү кооптонуулардан улам көңүлү жок болсо да эптеп үй-бүлөнү сактап калууну көздөгөн өңдөнөт.
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Аялым чанып, көзүмө чөп сала баштады... Айласы кеткен жигиттин каты
Адамга өзүнүн чегин билгенди кичинесинен үйрөтүү зарыл. Башкача айтканда, өз каалоолору менен мүмкүнчүлүгүн таануусу керек. "Мага бул жаккан жок, мен мындай ойлойм" деп өз оюн айта билүүнү да үйрөтүү керек. Бирөөнүн жетегинде жүрүп көнүп калган адам башкаларга ыңгайлуу болушу мүмкүн. Үй-бүлөдө деле ошондой. Күйөөгө ыңгайлуу болгону менен оюндагысын талап кыла албаган аялдын ичинде толгон түйшөлүү жаралып, депрессияга алып келет. Ошентип ортодо түшүнбөстүктөр, кооптонуулар жарала берет. Мындай мамилелерден жылуулук, мээримдүүлүк качат. Акырында ортодогу жетпеген жылуулукту эркек башкадан издеп баштайт. Аялдар көбүнчө ичке сактап жүрүп стресске кабылат. Азыр да өз каалооңузду тактап алыңыз. Сизге кандай ыңгайлуу экенин, эмне жетпей жатканын так билишиңиз керек.
Азыркы мамилеңер ачык жазылган эмес. Ошондуктан так кесе жооп берүү да кыйын.
Үй-бүлө куруу — андагы адамдардын тагдырына байланыштуу болгондуктан бат эле чече коё турчу маселе эмес, ошондуктан психологго барып өзүнүн чектерин тактап, алгач жеке өзүндөгү маселелерди чечип алганы оң.
Жаңылыктар түрмөгү
0