Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек

© Sputnik / Жоомарт Ураимов20 жаштагы ишкер Ырыс Нурланова
20 жаштагы ишкер Ырыс Нурланова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Ырыс Нурланова 20 жаштагы миллионер кыз. Аны карьера менен үй-бүлөнү ийгиликтүү алып кеткен айымдардын катарына кошсо болот. Себеби ишкер кыз 18 жашында турмушка чаккан, учурда бир уулдун энеси.
Ырыс мектепти бүтөрү менен эле ишкерликке аралашкан экен. Апасынын акыркы акчасына кирпик жасоону үйрөткөн курска окуп, ошол тармактан багы ачылган. Учурда ал той, сулуулук салондорунун жана башка чакан бизнестин ээси болууга жетишкен.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы миллионер келин менен жаш экенине карабай жетишкен ийгиликтери тууралуу баарлашты.
— Сиз теңдүү кыздардын көбү ата-энесинен көз каранды болуп, баскан-турганына акча сурашат. Ишкерликтин кирешелүү тармагынан кантип ордуңузду таптыңыз?
— Ар кандай курстарга барып окуп көрдүм, бирок алып кете алган жокмун. Анан кирпик өстүрүү окуусуна баргым келди. Апам "ушул акыркысы болсун" деп катып жүргөн акчасын берген. Болгон күчүмдү жумшап окуп, ошол жерде эле иштеп калдым. Аягында менин кардарларым көптөн бери иштеген эжелердикинен да көбөйүп кетти. "Аларды кайдан табасың?" деп таң кала беришчү. Ал учурда Instagram жакшы өнүгө элек, "Одноклассники" Facebook тармактарына түнү менен уктабай жарнама кылчумун. Алгач аты А тамгасынан башталган кыздарга, анан Бга өтүп, алфавиттин акыркы тамагасына чейин издеп кыздарга жарнамамды жиберем. Анын текстин да өзгөчө жазганга аракеттенчүмүн. Акыры акча чогултуп 16 чарчы метр жерди ижарага алып, жеке бизнеске кадам таштадым. Учурда ал жер 200 чарчы метр болуп кеңейди. Мурун 8 гана мастер иштетсем, азыр 20нын тегерегинде. Андан башка да майда бизнестерим бар. Өзүм деле кантип миллионер болуп кеткенимди билбей калдым (күлүп).
© Фото / Азамат ИбраевЫрыс мектепти бүтөрү менен эле ишкерликке аралашкан. Апасынын акыркы акчасына кирпик жасоону үйрөткөн курска окуп, ошол тармактан багы ачылган.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ырыс мектепти бүтөрү менен эле ишкерликке аралашкан. Апасынын акыркы акчасына кирпик жасоону үйрөткөн курска окуп, ошол тармактан багы ачылган.
— Канча жашыңыздан баштап кириштиңиз?
— Мени мектепке эрте берип коюшкан. 16 жашымда 11-классты бүттүм, ошол учурдан баштап кыздарды сулуулап жүрдүм. 19 жашка чейин кирпик өстүрүп жана башка нерселерди жасап иштедим. Кийин жумушчуларды көбөйтүп, администратор алып, өзүм үйдөн эле көзөмөлдөп калдым. Буюрса, жакында 21ге толом.
— Айтканга оңой болгону менен жасай келгенде ар бир бизнестин түйшүгү болот эмеспи. Жаш кыз кыйынчылык, тоскоолдуктарга кантип туруштук берди?
— Ооба, ар бир жерде жакшы да, жаман да адамдар болот турбайбы. Кол алдымда иштеген кыздар жабдууларымды сатып, качып кеткен учурлар болгон. Андан кийин мастерлердин баары салондун кардарларын өзүнө алып, жумуштан чыгып кеткен кезди да баштан кечирдим. Кардарларым же жумушчуларым жок ижарага акча таппай ыйлаган күндөрүм да болгон. Адам напсисин тыйбаса жаш курагы да, карманган дини да тоскоолдук кыла албай калат экен деп тыянак чыгарып койдум. Анткен менен ошондой кыйынчылыктар болбогондо мен ушундай деңгээлге жетпей калар белем. Андыктан Жаратканга ыраазычылыгымды гана айтам.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЫрыс Нурланова: Алгач акча чогултуп 16 чарчы метр жерди ижарага алдым. Учурда ал жер 200 чарчы метр болуп кеңейди. Мурун 8 гана мастер иштетсем, азыр 20нын тегерегинде. Андан башка да майда бизнестерим бар. Өзүм деле кантип миллионер болуп кеткенимди билбей калдым.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ырыс Нурланова: Алгач акча чогултуп 16 чарчы метр жерди ижарага алдым. Учурда ал жер 200 чарчы метр болуп кеңейди. Мурун 8 гана мастер иштетсем, азыр 20нын тегерегинде. Андан башка да майда бизнестерим бар. Өзүм деле кантип миллионер болуп кеткенимди билбей калдым.
— Миллионер кыздын ата-энеси кандай кишилер болгону көпчүлүккө кызык. Алар тууралуу айтып берсеңиз.
— Кыйынчылыкты баштан өткөргөндөр гана ийгиликке жетишет окшойт. Анткени турмуштун ачуу-таттуусун татып көргөндөр жогору даражага көтөрүлгөндөрүн көп угам. Ата-энем ажырашып кетишкен. Бирок ал үчүн апамды да, атамды да күнөөлөбөйм, жашоодо бардык нерсе боло берет да. Иним экөөбүздү апам жалгыз эч нерседен кем кылбай өстүргөн. Таенемдин колунда Ысык-Көлдө чоңойдум. Апам Россияда иштеп жүрдү. Үйдө улуусу болгон үчүн да жоопкерчиликтүү, тырышчаак болуп калсам керек. Кичинемден бери эле эмгекке бышып калгам. Окуучу кезимде да эс алуу учурунда иштей коюп, акча табар элем.
— Биринчи жолу канча акча таап, эмнеге короттуңуз эле?
— Ал окуяны эч качан унута албасам керек... Жогоруда айткандай, апамдын акыркы акчасына окуганым үчүн башка сурай албай, сулуулук каражаттарын коңшу эжеден карызга алгам. Бир күнү 1800 сомго иштедим. Ал мен үчүн чоң акча болчу. Аны карызыма бербей үйгө апамдарга бир нерсе алып баргым келди. Тиги эженин дүкөнүнүн жанынан кыйылып жатып араң өттүм. Маршруткадан түшүп, үйгө келип карасам эле тиги акчам жок. Аябай жаман болуп, карызыма төлөп койсом болмок, ошон үчүн мага буюрган жок деп калдым. Бир чети мага сабак болду.
© Sputnik / Жоомарт УраимовИшкер Ырыс Нурланова: Кол алдымда иштеген кыздар жабдууларымды сатып, качып кеткен учурлар болгон. Андан кийин мастерлердин баары салондун кардарларын өзүнө алып, жумуштан чыгып кеткен кезди да баштан кечирдим.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ишкер Ырыс Нурланова: Кол алдымда иштеген кыздар жабдууларымды сатып, качып кеткен учурлар болгон. Андан кийин мастерлердин баары салондун кардарларын өзүнө алып, жумуштан чыгып кеткен кезди да баштан кечирдим.
— Той салону сезон менен жакшы болот болуш керек. Тойлор токтогон маалда эмне кыласыңар?
— Ооба, мезгили менен иштейт. Бирок ал көйнөктөр үчүн эле да. Сулуулук жылдын төрт мезгилинде да талап кылынат. Шүгүр, салондон кардарлардын аягы үзүлбөйт. Андан сырткары да майда бизнестерим бар, алар менен жакшы эле иштейбиз.
— Ошондо айына миллион табасызбы же ар кандай болобу? Кол алдыңызда иштегендердин маянасы канча?
— Сиз айткандай, сезон учурунда айына миллиондон да ашып кетиши мүмкүн. Кээде андан азыраак да болот. Жумушчуларымдын маянасы дагы жакшы, "депутаттардан көп табам" деп айтып калышат го, ошол сыяктуу эле.
© Фото / Эржан КадырбековЫрыс Нурланова: Сулуулук жылдын төрт мезгилинде да талап кылынат. Шүгүр, салондон кардарлардын аягы үзүлбөйт.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ырыс Нурланова: Сулуулук жылдын төрт мезгилинде да талап кылынат. Шүгүр, салондон кардарлардын аягы үзүлбөйт.
— Алгачкы салонуңузду канча каражат менен ачтыңыз, кимдер жардам берди?
— Аны ижарага бир топ эле кымбатка, 140 миң сомго алып тобокелчилик кылгам десем болот. Андай акчаны төлөө жөнөкөй адам үчүн кыйынга турат да. Анын ичиндеги керектүү жабдууларды, буюмдарды бүт жолдошум өз колу менен жасап берген. Азыр ошол жер билинбей эле толуп калыптыр. Кантип көбөйүп кеткенин байкабай деле калдым. Бизнес баштап жаткандар үчүн бир лайфхак айта кетейин. Имаратты ижарага алып иштеткенден көрө ипотекага болсо да алып же дароо эле сатып алган үнөмдүүрөөк.
— Тапкан каражатыңызды эмнеге коротосуз?
— Мага аябай керектүү нерселерди гана алып, калганын кайра эле бизнесиме сарптайм. Ал акча айланып көбүрөөк суммада кайтып келет. Акча үчүн иштегенден кийин ал акча кайра сага иштеп бериши керек. Анан жардамга муктаждарга кол кабыш кылып турам.
© Sputnik / Жоомарт УраимовНурланова: Бизнес баштап жаткандар үчүн бир лайфхак айта кетейин. Имаратты ижарага алып иштеткенден көрө ипотекага болсо да алып же дароо эле сатып алган үнөмдүүрөөк.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурланова: Бизнес баштап жаткандар үчүн бир лайфхак айта кетейин. Имаратты ижарага алып иштеткенден көрө ипотекага болсо да алып же дароо эле сатып алган үнөмдүүрөөк.
— Сулуулук салонун иштетүү балалык кыялыңыз беле?
— Мектепте алдыңкы окуучулардан болгонум үчүн окуу жайга тапшырып, бир кесиптин ээси болом деп жүрчүмүн. Кыялданып жүргөн Кыргыз-түрк "Манас" университетине да окууга өттүм. Ал жерден Түркияга кетип, аны бүтүп Америкада окугум келчү.
Ошол эле учурда салон иштетип, аны алып кетериме көзүм жетип турган. Бирок окуу менен бирге жумуш кылуу абдан оор экен. Анткени университеттин талаптары жогору. Буга байланыштуу окуумду таштоого туура келди. Азыр Түркияга эс алуу үчүн гана барып турам. Ал жакта окуу да насип болуп калар. Азырынча иштеп, элге жардам берип, жакшы иштерди жасайм деген тилектерим бар. Байлыгыңды көргө алып кетпейсиң да, андыктан жардамга кол сунуу биздин милдетибиз деп эсептейм.
© Фото / из личного архива Ырыс НурлановойЫрыс Нурланова: 18 жашымда турмушка чыккам. Ал убакта менин бизнесим жаңыдан өнүгүп келе жаткан учур болчу. Азыр кызым бир жаштан өтүп калды. Жолдошумдун да башка тармакта бизнеси бар.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ырыс Нурланова: 18 жашымда турмушка чыккам. Ал убакта менин бизнесим жаңыдан өнүгүп келе жаткан учур болчу. Азыр кызым бир жаштан өтүп калды. Жолдошумдун да башка тармакта бизнеси бар.
— Жашыңыздан үй-бүлө куруп, бир уул тарбиялайт экенсиздер...
— Ооба, 18 жашымда турмушка чыккам. Ал убакта менин бизнесим жаңыдан өнүгүп келе жаткан учур болчу. Азыр уулум бир жаштан өтүп калды. Жолдошумдун да башка тармакта бизнеси бар. Ал коомчулукка чыгууну туура көрбөйт, ошол себептен мен жөнүндө айтпай эле койчу деп сурана берет.
— Жолдошуңуз чоң бизнес менен алектенеби?
— Жок, ал деле карапайым үй-бүлөнүн баласы. Экөөбүз биригип иштеп, шаардан үй алдык. Анын ичиндеги кашык-вилкасына чейин өзүбүз чогулттук. Аябай түшүнүктүү, сабырдуу адам, ишиме жардам берет, бирок көп кирише бербейт. Менин ийгиликтеримдин себеби да жолдошум десем туура болот. Анткени үйдө отур дегендин ордуна алдыга сүрөп турат. Мага ишенет, кандай иш кылсам да колдойт. Эң негизгиси — менин турмушка чыкпайм деген принцибимди талкалаган жигит ушул болгон.
© Фото / Эржан КадырбековЫрыс Нурланова: Бир аз тапкан акчасына кийим алып же башка майда-чүйдө иштерге коротпой туура колдоно билиш керек. Түрдүү кыйынчылыктар чыгат. Ага сынбай, максатына эч нерсеге карабай жол улай берсе сөзсүз бийиктерге жетет.
20-летяняя бизнесвумен из Кыргызстана Ырыс Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ырыс Нурланова: Бир аз тапкан акчасына кийим алып же башка майда-чүйдө иштерге коротпой туура колдоно билиш керек. Түрдүү кыйынчылыктар чыгат. Ага сынбай, максатына эч нерсеге карабай жол улай берсе сөзсүз бийиктерге жетет.
— Ишкерликке кызыккан жаштарга кандай кеңеш бересиз?
— Бир аз тапкан акчасына кийим алып же башка майда-чүйдө иштерге коротпой туура колдоно билиш керек. Түрдүү кыйынчылыктар чыгат. Ага сынбай, максатына эч нерсеге карабай жол улай берсе сөзсүз бийиктерге жетет. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей, кербениңди сүйрөп кете беришиң керек. Тобокелчиликтен коркпогон адам көп нерсени жасай алат. Анан, албетте, кандай гана жумуш болбосун, билим алуу маанилүү. Жогорку билим болбосо да коом менен иштешүү үчүн дүйнө таанымын кеңейтиши керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0