Бишкек — Ош жолундагы тыгын

Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео

974
(жаңыланган 00:34 15.03.2021)
ӨКМ күндүн көзү бузуларын эскерткен. Бишкек — Ош трассасында жүк ташуучу ири унаалар үчүн чектөө киргизилди.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Аба ырайынын бузулушунан улам өлкөнүн чоң жолдорунда кыймыл татаалдашып, автотыгындар жаралууда.

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайынын жана Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуунун абалын тарткан күбөлөрдүн видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

Кадрлардан унаалардын токтоп турганы, болбосо өтө жай жүрүп баратканы көрүнүп турат.

Карда бараткан түгөйлөр. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Транспорт жана жолдор министрлиги Боомдо саат 16.00дөн тарта жаан жаай баштаганын айтты. Реагенттер чачылганына карабай сууктан улам жолдорго муз тоңгон.

Кечинде, болжол менен саат 17.00дөрдө, тыгын пайда боло баштаган. Жеринде тыгылып калган автоунааларды чыгарып, жолду тазалап жаткан атайын техника иштеп жатат.Трассага реагент чачуу уланууда.

ӨКМ Бишкек — Ош жолунун 126-чакырымында унаалар токтоп калганын билдирди. Ал жакта министрликтин техникасы, кызматкерлери жана Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору иштеп жатат. Саат 20.00дөн тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Жолдун аркы башынан — Токтогул районунда  чоң машиналар 21.00дөн баштап тосулууда.

Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, күндүн көзү бузуларын эскерткен.

974
Белгилер:
жол, кар, аба ырайы, тыгын, автоунаа, Боом капчыгайы
Тема боюнча
Автоунаа ээлери, абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү
Капельницалар улануу учурунда. Архив

Бишкекте тамакка ууланган адамдардын саны 300гө жетти

15
(жаңыланган 11:13 28.10.2021)
Уулануу өткөн ишембиде катталып, жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Учурда ооруканада 31 киши дарыланып жатат, анын бешөө балдар.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Буга чейин кайрылгандар 253 болчу. Мурзашевдин айтымында, кечээ кечинде алардын саны 290го жетип, эртең менен 300 болду.

Учурда ооруканада 31 киши дарыланууда, анын бешөө балдар. Абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтаптар акырындан үйүнө чыгарылып жатат. Кечээ стационарда 60 киши бар болчу.

Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

15
Белгилер:
Бишкек, тамак, уулануу, бейтап
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме
Паркка бак тигүү. Архив

Кагаз калдыгын көчөткө алмаштырып, паркка бак тиге аласыз. Акция

22
Борбор калаадагы "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктарга 500 түп көчөт тигүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте "Бир жарандан бир көчөт" деп аталган акция өтүп, кагаз калдыктарын тапшырган киши калаадагы паркка бак отургузууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Анын алкагында "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктарга 500 түп көчөт тигүү пландалып жатат.

"Аталган министрлик "Шаардык парктар" муниципалдык кызматы менен биргеликте 30-октябрда экологиялык акция өткөрүп, ага катышууну каалагандарды чакырат. 3 килограмм кагаз калдыгын же беш даана желим бөтөлкөнү бир көчөткө алмаштырып, аталган парктардын аймагына бак отургузса болот", — деп билдирди маалымат кызматы.

Иш-чара ишемби күнү саат 10:00дө башталмакчы.

22
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, парк, көчөт, кагаз, акция
Тема боюнча
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу