16-мартта Бишкектин 17 көчөсүндө жарык жок болот. График

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭлектр подстанциясы. Архив
Электр подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери эртең, шейшемби күнү, баш калаанын айрым аймактарында планга ылайык оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин 17 көчөсүндө жана кууш көчөлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында айтылды.
Бул күнү мекеменин кызматкерлери электр чубалгыларын туташтыруу, трансформатордук дүмүрчөктөрдүн жабдыктарын оңдоо, жыгач таянычтарын алмаштыруу сыяктуу иштер менен алектенишет.
Өчүрүү графиги:
  • саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бейшеналиева, Токтогул жана Киев көчөлөрүндө;
  • саат 09:30дан 17:00гө чейин Кара-Кул, Оренбург, Айдаралиев көчөлөрүндө, Ош кууш көчөсүндө, ошондой эле 4-кичи районундагы №4а, 6, 6А, 6Б көп кабаттуу турак үйлөрдө;
  • саат 09:30дан 18:00гө чейин Сүйүмбаев, Табачная, Кузнечная крепость, Күрөңкеев, Свободная, 8-Март, Арычная, Элебесов, Тул көчөлөрүндө жана Грозненский кууш көчөсүндө жок болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0