СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимов. Архив

25 жыл ажолорду ташыган. КР авиациясынын "атасы" Ишембай Абдраимов жөнүндө 7 факты

2571
(жаңыланган 18:08 15.03.2021)
Бүгүн ата мекендик авиациянын калыптанып өнүгүүсүнүн башында турган СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимовдун туулган күнү. Кезинде ал өлкө аймагында далай учуп-конуу тилкелерин курдуруп, 25 жылдай мамлекет башчыларын учак менен ташыган.

Sputnik Кыргызстан алгачкы кыргыз авиатору тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Алматыга араба менен каттаган өспүрүм. Ишембай Абраимов 1914-жылы 15-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк айылында жарык дүйнөгө келген. 12 жашында атасынан ажырап, туугандарынын үйүндө тарбияланган. Ошол жылдары атасынын агасы ооруп калып, өспүрүм анын ордуна ат араба менен Алматы шаарына жүк ташып иштеген. Бир күнү Ташкенттен учуп келип Пишпек шаарынын четине конгон Junkers 13 учагын көрүп аябай таң калат. Дал ошондон тарта асманда учууну кыялдана баштаган.

Заслуженный пилот СССР, первый кыргызский национальный пилот Ишембай Абдраимов с коллегами
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Болочоктогу учкуч 18 жашында Ташкенттеги борбор азиялык пилоттордун улуттук мектебинде билим алган

Асманга талпынган элеттик жигит. Аба мейкиндигинде ары-бери сызып, учак менен булуттарды жиреп өтүү максаттары менен жашаган Ишембай 18 жашында Ташкенттеги борбор азиялык пилоттордун улуттук мектебине тапшырат. Ал жактан өзү курактуу 80 талапкердин ичинен сынак, медициналык кароодон жалгыз өтүп кетет. Элетте ат арабадан башка техниканы кармабаган, авиация жөнүндө оңгулуктуу түшүнүгү жок жигит алгач авиамотористке бир нече ай жардамдашып жүрүп сабактарга катыша баштайт. Түрдүү кыйынчылыктарга моюн сунбай, жаңы нерселерди үйрөнүүгө ынтызар болгон болочоктогу пилот бир жылдай билим алып У-2 учагын башкарып, экзамендерин тапшырып, 70 курсанттын арасынан тогуз бала болуп окуусун аяктаган.

Заслуженный пилот СССР, первый кыргызский национальный пилот Ишембай Абдраимов
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Кыргыз авиациянын башында турган инсан учактын 16 түрүн ээн-эркин башкарган

Алгачкы кыргыз учкуч. Кыргызстанга кайтып келгенде үч учагы бар санитардык авиацияда иштеп, талаа-түздөргө дары чачып, аймактарга дары-дармек, ак халатчандарды жеткирип, бейтаптарды ташып иштей баштайт. Андан соң он адамдан турган жамаат биринчи жолу Фрунзе — Токмок — Рыбачье — Ананьево — Пржевальск аба каттамын ишке ашырат. Ал жылдары Ишембай Абдраимов ата мекендик авиацияда иштеген жалгыз кыргыз эле. Жаш учкуч бийик тоолуу жерде учуунун сырларын өздөштүрүп, аймактарга уча баштайт.

Заслуженный пилот СССР, первый кыргызский национальный пилот Ишембай Абдраимов с коллегами
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Ата мекендик согушка Ишембай Абдраимов да жигердүү катышып 17 медаль, сегиз орден алган

Беларусь республикасын абадан коргогон. Ата Мекендик согуш жылдары биринчи Беларусь фронтунун 16-армиясындагы 62-гвардиялык полкунун курамында кызмат өтөп, абадан коргонууда өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтөт. Ал жылдары 150дөн ашык согуштук учууларды жасап, 17 медаль, сегиз орден менен сыйланган. Ошондой эле 1945-жылы СССРдин башкы прокурору Роман Руденкону экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын Нюнберг шаарында фашисттерге карата уюштурулган соттук процесске учак менен алып барган. Ал эми фронттон келгенден кийин Ленинграддагы Жарандык авиация академиясын бүтүргөн.

Заслуженный пилот СССР, первый кыргызский национальный пилот Ишембай Абдраимов с коллегами
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Абдраимов СССРдин эмгек сиңирген пилоту наамына эң биринчилерден болуп жетишкен

Кыргыз авиациясынын башында турган. Абдраимов бул тармакта жалпы 50 жылдай эмгектенип, катардагы учкучтан баштап Жарандык авиация башкармалыгынын командирине чейин жеткен. Мекемени башкарып турган 25 жыл аралыгында азыркы "Манас" эл аралык аэропорту жайгашкан жерди аныктаган топту жетектеген. Бул үчүн атайын тик учак менен ээн талаага учуп-конуп долбоорлоо иштерине катышкан. Андан сырткары, республика аймагындагы 86 авиациялык объектини ишке берген. Алардын арасында учуп-конуу тилкелери, чакан аэродромдор, тик учактарга ылайыкталган конуу аянттары бар.

Заслуженный пилот СССР, первый кыргызский национальный пилот Ишембай Абдраимов с современниками
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Өмүрүн авиацияга, сүйгөн кесибине арнаган ардегер шакирттери жана замандаштары менен

СССРдин эң биринчи эмгек сиңирген пилоту. 1966-жылы Советтер Союзундагы республикалардын ичинен алгачкылардан болуп СССРдин эмгек сиңирген пилоту наамына ээ болот. Аталган наам союз учурунда 30га жакын учкучка ыйгарылган. Абдраимов учактын 16 түрүн ээн-эркин башкарып, абада 17 миң сааттан ашык учкан. Эң кызыгы, 25 жыл бою республика башында турган жетекчилерди ташып, алар да Абдраимовдун кесипкөйлүгүнө толук ишенишкен экен.

Заслуженный пилот СССР, первый кыргызский национальный пилот Ишембай Абдраимов
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты 2001-жылы 20-мартта 86 жашында кайтыш болгон

Конокко көп барчу эмес. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты кесибин ушунчалык сүйгөндүктөн конокко көп барчу эмес экен. Мындай сапатын туугандары азыркыга чейин айтып келишет. Экинчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери жубайы менен эки кызды тарбиялап чоңойткон. Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун алтын медалынын ээси ардактуу эс алууга чыккандан кийин 2001-жылы 20-мартта 86 жаш курагында дүйнө салган. Азыр анын ысымын Бишкек шаарындагы бир көчө жана өзү ачкан Авиация институту алып жүрөт.

Материал учкучтун жакындарынын эскерүүлөрү жана ачык булактардагы адабияттардын негизинде жасалды.

2571
Белгилер:
Ишембай Абдраимов, факты, Авиация, Учкуч, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (392)
Тема боюнча
Таптакыр ырдабайт. 80 жашка чыккан маэстро Сардарбек Жумалиев жөнүндө 8 факты
Юбилейин шаан-шөкөт менен өткөрүүдөн баш тарткан. Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты
Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты
Жайлоо. Архив

Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды

14
(жаңыланган 12:13 14.05.2021)
2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер райондук соттун чечими менен менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен 3,48 гектар жерди аныктап чыгып, аны кайра мамлекетке кайтарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бул фактылар ачыкка чыкты", — деп айтылат маалыматта.

3,48 гектар жайытты мамлекетке кайтарып бериш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган. Анын натайжасында кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

14
Белгилер:
менчиктештирүү, чечим, жер, сот, прокуратура, Ысык-Көл району, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды
Профилактика иштерин жасап жаткан сантехник. Архив

Бишкекте ысык суу өчкөндөн кийин кандай иштерди жасап алуу керек

13
(жаңыланган 12:01 14.05.2021)
Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада ысык суу өчкөн маалда бир нече профилактикалык иштерди жасап алуу керектигин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы айтып берди.

Эске сала кетсек, Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлөт.

Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ар кандай көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды:

  • түтүк ылдый жактан келген көп кабаттуу үйлөр жогорку жактан аба чыгара турчу шаймандарды орнотуусу зарыл;
  • жылуулукту жакшы өткөрүү үчүн кирдеп толуп калган эски батареяларды жууп же алмаштыруу керек;
  • ошондой эле ысык менен муздак сууну аралаштырып берген крандарды оңдоп алуу туура;
  • ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу зарыл;
  • айнектерди жана сырткы эшиктерди жылуулап алуу керек.

Суроолор боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын 1980, (0312) 611 169, 0557 611166, 0777611166 жана 0701 611166 номерине чалууга болот.

13
Белгилер:
ысык суу, ишкана, Бишкек жылуулук тармагы, Бишкек
Тема боюнча
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн жаңы долбоор каралууда
Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

0
(жаңыланган 12:18 14.05.2021)
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

0
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат