Ошто Даун синдрому менен ооруган балдардын ресурстук борбору ачылат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканада медик бала менен. Архив
Ооруканада медик бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Мэр Сарыбашов фонддун ишин колдой турганын айтып, аталган борборду ачуу үчүн анын имаратынын бир жылдык ижара акысын мэрия төлөп берерин убадалаган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарында Даун синдрому менен ооруган балдардын ресурстук борбору ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, калаа мэри Таалайбек Сарыбашов 15-мартта Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн "Сантерра-Юг" фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова менен жолуккан.
Анда фонддун жумушу, алдыдагы пландары тууралуу мэрге маалымат берилген. Анын ичинде ооруган балдар үчүн ресурстук борбор ачуу тууралуу да айтылган.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Балдар ооруканасынын башчысы: январда Кавасаки синдрому менен көп бала ооруду
Сарыбашов фонддун ишин колдой турганын айтып, аталган борборду ачуу үчүн анын имаратынын бир жылдык ижара акысын мэрия төлөп берерин убадалаган. Ошондой эле анда иштей турчу кызматкерлерди билимин жогорулатып келүү үчүн Москванын мыкты борборлоруна жөнөтүп, жол киреси төлөнүп берилерин белгилеген.
Фонддун жетекчиси мэрдин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0