Кара-Сууда тамакка уулангандар. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты

© AFP / AHMAD AL-BASHAЛабораториянын кызматкери. Архив
Лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Мындан бир нече күн мурда Кара-Сууда туулган күнгө барган адамдар тамакка ууланып, алардын экөө каза болгон. Жабыркагандар ооруканага дароо кайрылышкан эмес.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кара-Сууда туулган күнгө барган кишилер эмнеден ууланганын Sputnik агенттигине Ош шаардык жана облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Аксыда ууланып көз жумгандар жакын туугандар болгон. Окуянын чоо-жайы
Бирок Санэпидем көзөмөл борборунун кызматкери Гүлжан Жээнбаеванын айтымында, ууланган эки киши учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Ал эми 11 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланууда, абалдары туруктуу.
"Лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында туулган күндө дасторконго коюлган ширелерден, салаттан, бадыраңдан ботулизмди козгогучтар аныкталды", — деди Жээнбаева.
Ош шаарынын аймагында үй шартында консерваланган азыктарга карата рейддер уланып жатканы, акыркы эки күндө калаанын борбордук базарынан 150 литрден ашык чапталган продукциялар лабораторияга жөнөтүлгөнү айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0