БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында жүзөгө ашырылып, бүгүн, 16-мартта, балдар өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен.
Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болгону белгиленет.
Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтаруу иш-чараларын уюштуруу боюнча февраль айынын аягында гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, өкмөттүн жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн.
"Балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш. Белгилеп кетчү нерсе, балдардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле аларды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну каалаган туугандарынын макулдугу менен ишке ашырылды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз өкмөтү мекенине кайтарылган балдарга ар тараптуу жардам берүүнү, тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чараларды өткөрүүнү убадалады.
Ошондой эле өкмөт балдарды репатриациялоо процессин уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн ирак өкмөтүнө, гуманитардык миссияны жүзөгө ашырууга көрсөткөн зор колдоосу жана кызматташуусу үчүн БУУнун Балдар фондунун Бишкектеги жана Багдаддагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгын билдирди.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.