Кыргызстанда бактылуу болуу үчүн канча акча керек? АКШ илимпоздорунун иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимчен кыз. Архив
Улуттук кийимчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Акча канчалык көп болгон сайын, адам өзүн ошончолук бактылуу сезери айтпаса деле белгилүү. Бирок окумуштуулар байлык кыргызстандыктарды кайсы бир деңгээлге жеткенге чейин гана бактылуу кыларын байкашты.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШнын Пердью университетинин окумуштуулары өзүн бактылуу сезиши үчүн кыргызстандыктарга канча акча керектигин иликтеп көрүштү.
Ал үчүн 1,7 миллион адам тууралуу маалыматтар текшерилген. Адистер жарандардын кирешеси менен өз жашоосуна канчалык канааттанарын сураштырып көрүшкөн.
Акча канчалык көп болгон сайын, адам өзүн ошончолук бактылуу сезери айтпаса деле белгилүү. Бирок окумуштуулар байлык кыргызстандыктарды кайсы бир деңгээлге жеткенге чейин гана бактылуу кыларын байкашты. Мансабы ашкан соң көптөрү, тескерисинче, ар кандай жагымсыз жагдайларга туш болгонун айтышкан.
"Кыргыз жарандарына жашоого ыраазы болуп өмүр сүрүү үчүн жылына орто эсеп менен 8 997 доллар керек экен. Акчанын саны жагынан Кыргызстан дүйнөдөгү 160 өлкөнүн ичинен эң "сарамжал" мамлекеттердин катарына кирди", — деп айтылат билдирүүдө.
Арзыбаган акчага ыраазы болгон өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстандан тышкары Суринам (6 799 доллар), Аргентина (8 788), Ангола (8 921) жана Иран (10 134) бар.
Женитьба в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Никедеги бактылуулук адамдын генетикасынан көз каранды. Жаңы иликтөө
Ал эми оңой менен бактылуу боло албаган мамлекеттердин сап башына Бермуд аралдары чыкты. Бул жакта жыргал жашоо үчүн бир киши жылына 143 933 доллар тапкысы келет. Андан кийинки орунда Австралия (135 321) жана Израиль (130 457) турат. Алдыңкы бештикти Швейцария (128 969) менен Жаңы Зеландия (128 844) жыйынтыктайт.
Борбор Азия боюнча абалды карай турган болсок, Түркмөнстандын жарандарына каалаган нерсесине жетүү үчүн 50 393 доллар керек. Өзбекстандыктар менен тажикстандыктарга 21-22 миң доллардын тегерегинде каражат талап кылынат. Ал эми Казакстандын жашоочулары жылына 14 607 доллар табууну кыялданышат.
Кыргызстандыктар иштөө үчүн көп барган Россияда бактылуу жашоо үчүн бир кишиге жылына 15 639 долларлык киреше жетиштүү деп эсептешет.
Жаңылыктар түрмөгү
0