БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги апрель айына карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Бул айда өлкө боюнча абанын температурасы климаттык норманын чегинде болору айтылууда. Бирок Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде кайсы бир учурда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болуп кетери божомолдонуп жатат.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп, 11…13 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустан 8…13 градус жылуулукка чейин, күндүз 13…18ден 23…28ге чейин жылуу болот. Бирок кээ бир күндөрү абанын табы төмөндөп, 4…9 гана градус жылуу болушу мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градус жылыйт.
Анткен менен айрым учурда өрөөндөрдө -1...-3 , тоо этектеринде -3...-5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Таласта орточо температура климаттык нормадан 1 градус жогору болот. Күндүз 13…18ден 22…27 градуска чейин жылыйт. Бирок кээ бир күндөрү +7…+12 градуска чейин төмөндөп, ал тургай айрым жерлерде -2...-4 градуска чейин жетип, үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын.
Түштүктө абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болору божомолдонууда.
Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 8…13 градуска чейин, күндүз 11…16дан 18…23 градуска чейин жылуу болот. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0...-2 градуска чейин, тоо этектеринде -2...-4кө чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн.
Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 3…8 градус жылуу болуп, күндүз эң жогору дегенде +20 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору күтүлүп жатат.
Башка облустар сыяктуу эле Нарында дагы абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. Күндүз 7…12ден 18…23 градуска чейин нөлдөн жогору боот.
Айрым учурларда +1…+6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.
The six years since 2015 have been the hottest on record.
— António Guterres (@antonioguterres) April 19, 2021
Last year, carbon dioxide concentrations rose to a new high.
Climate disruption is here.
This is truly a pivotal year for humanity’s future. We have no time to waste. https://t.co/xCjg65uyWX pic.twitter.com/5DEYmBXtxB
"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.
Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.
Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте шаар күнү (29-апрель) жана Жеңиш күнүн (9-май) массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.
Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, 21-мартта Ноорузга карата бардык майрамдык салтанаттар, массалык майрамдоо токтотулган.