Жапаров 2410 адамга КР жарандыгын берип, 982 кишини чыгарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Кыргызстандын жаңы жарандарынын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. Андан тышкары, тизмеде КРдин мурунку жарандары, ошондой эле кыргызстандыктар менен никеге тургандар бар.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КР жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө 11 жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жети жарлык 2 410 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Мында 1802си — чоң адам болсо, 608и — балдар. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, андан тышкары, тизмеде КРдин мурдагы жарандары, ошондой эле кыргызстандыктар менен никеге тургандар бар.
Дагы төрт жарлык менен 982 адам КР жарандыгынан ажыратылды. Анын 780и — чоң киши болсо, 202си — балдар.
Жаңылыктар түрмөгү
0