Аксы окуясына 19 жыл. Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду
Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
2002-жылы дал ушул күнү ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча Аксы эли нааразычылык жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, натыйжада алты адам каза болгон.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду
Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшондой эле Жапаров элге кайрылуу жолдоду
Ошондой эле Жапаров элге кайрылуу жолдоду - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ошондой эле Жапаров элге кайрылуу жолдоду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Аксы окуялары өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калганын белгиледи.
Президент Аксы окуялары өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калганын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Президент Аксы окуялары өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калганын белгиледи.
1/3
Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду
2/3
Ошондой эле Жапаров элге кайрылуу жолдоду
3/3
Президент Аксы окуялары өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калганын белгиледи.
Ошондой эле Жапаров элге кайрылуу жолдоду. Президент Аксы окуялары өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калганын белгиледи.
"Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына, ошондой эле өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго түрткү болгон тарыхый окуя деп бааласак жаңылышпайбыз. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр мүнөзүн көрсөтүп, улуттун намысын коргоп калышкан", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Өлкө башчы Аксы окуялары учурунда кыргыз эли кландык башкарууга жол бербестигин далилдей алганына токтолду.
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2015
Аксы окуясы элдин аң-сезиминде революция жасаган чечүүчү учур болду
"Чындык үчүн күрөшүү — чындыгында аябагандай опурталдуу да, оор да иш экенин мен жакшы түшүнөм. Сиздердин эрдигиңиздер, майтарылбас эркиңер эч качан унутулбайт! Адилеттик, эркиндик деп өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылабыз. Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркуловду эскеребиз", — деди Жапаров.
Эске салсак, 2002-жылы дал ушул күнү, 17-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча жергиликтүү эл нааразычылык жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы колдонулган.
Быйыл Аксы окуясына 19 жыл болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0