Башкы прокуратура шайлоого байланыштуу эскертүү берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратура. Архив
Башкы прокуратура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Прокуратура органдары шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди аткарып, ЖМКларга, интернет-ресурстарга жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Баш прокуратура жергиликтүү кеңештин шайлоосундагы үгүт иштерине байланыштуу эскертүү берип, депутат болууга аттанып жаткандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта айтылган.
Прокуратура органдары шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди аткарып, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-ресурстарга жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүп жатканы да кабарланды.
"Үгүт иштерин жүргүзүүгө, ар кыл үгүт материалдарын чыгарууга, таратууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук менен аракеттенген уюмдарынын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар укуксуз экендигин Башкы прокуратура эскертет", — деп айтылган маалыматта.
Прокуратура жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна өз учурунда бөгөт коюу чараларды көрөрүн да билдиришкен.
БШКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
12 миңге жакындап барды. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси
"Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасоого тыюу салынгандыгын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына түшүндүрүп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырабыз", — деп айтылат кайрылууда.
Башкы прокуратура кандай гана формада болбосун шайлоочулардын добушун сатып алууга мыйзам жол бербей тургандыгын эскертти.
Андан сырткары, саясий партияларга, талапкерлерге жана шайлоо жараянынын башка катышуучуларына мыйзамды сактоо талаптарын айтып өттү.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0