Бир киши каза таап, 55 киши ооруп калды. COVID боюнча статистика

© Sputnik / Игорь МасловОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Коронавирустан ооругандар менен айыккандардын саны адаттагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталды.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Соңку бир суткада коронавирус жуктургандардын ичинен 18 адам өтө оор абалда жатат, андан сырткары 55 адам аталган илдетти жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Соңку суткада аталган илдеттен Чүй облусунда бир киши каза болуп, жалпы көз жумгандардын саны 1 485ке жетти.
"Стационарда дарыланууда 333 бейтап бар, алардын ичинен 77 киши оор, ал эми 18 адам өтө оор абалда жатат" — деп айтылат маалыматта.
Амбулатордук дарыланууда 307 киши бар экендиги маалым болду.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 30
  • Ош — 2
  • Чүй облусу — 13
  • Ош облусу — 1
  • Нарын облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу — 5
Бир сутка ичинде COVID илдетинен 56 киши айыгып кетти (пневмонияны эсепке алганда):
  • Бишкек – 26
  • Чүй облусу — 15
  • Ош облусу — 1
  • Нарын облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу — 12
Жаңылыктар түрмөгү
0