РФ ТИМинин 1-класстагы кеңешчиси, кыргыздын биринчи вьетнам таануучусу маркум Касымбай Намазбеков жубайы Эдиса Намазбекова жана кыздары менен

Дипломаттын жубайы Эдиса Намазбекова: бөтөн жерде өлүп калабызбы деп коркчумун

937
(жаңыланган 16:10 17.03.2021)
Дипломатия — кылдаттыкты, дыкат көңүл бурууну, ийкемдүүлүктү, чыдамкайлыкты талап кылган татаал тармак. Тышкы саясаттын казанында кайнаган дипломаттын мойнуна чындап оор жүк жүктөлгөн.

1944-жылы 17-мартта Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги түптөлгөн. Ушул күндөн тарта Кыргызстандын дипломатиясына чыйыр салынган десек болот. Андан бери нечен заман өтүп, канчалаган киши өлкөнүн тышкы саясатын кынаптап, жолго салып келет. Адатта өлкөнүн сырттагы кызыкчылыгын көздөп, эл аралык аренада мамлекеттин жүзү болгон адамдардын жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу көп айтылбайт. Деген менен дипломаттарга дал ошол жубайлары жөлөк болуп, ишинин ысык-суугуна чыдайт. Тилекке каршы, булардын эмгеги көп учурда бааланбай калат.

Колумнист Алмаз Батилов РФ ТИМинин 1-класстагы кеңешчиси, кыргыздын биринчи вьетнам таануучусу маркум Касымбай Намазбековдун жубайы Эдиса Намазбекова менен баарлашып, дипломаттын Түндүк Вьетнамда иштеген учуру тууралуу кызыктуу маалыматтарды алды.

Эдиса Намазбекова, супруга советника первого класса МИД РФ, вьетнамоведа Касымбая Намазбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
РФ ТИМинин 1-класстагы кеңешчиси, кыргыздын биринчи вьетнам таануучусу маркум Касымбай Намазбековдун жубайы Эдиса Намазбекова

— Эмгек жолуңуздар кандай башталды эле?

— Касымбай 1934-жылы Тоң районунун Улахол айылында төрөлгөн, үч бир туугандын кенжеси. Ата-энеси катардагы колхозчулар болчу. Касымбайдын окууга ынтызарлыгын байкап, Рыбачье шаарындагы Лев Толстой орто мектебинде кыргыз тилинде окутушкан экен. 1950-жылы ал мектепти бүтүп, бир жылдык гидротехник курсуна тапшырып, аяктайт. Эмгек жолун Рыбачьенин суу чарбасында баштап, 1952-жылы Фрунзедеги айыл чарба институтунун зоотехник адистигине өтүптүр.

Советник первого класса МИД РФ, вьетнамовед Касымбай Намазбеков
© Фото / из личного архива Эдисы Намазбековой
Түндүк Вьетнамдагы СССРдин элчилигинин биринчи катчысы Касымбай Намазбеков. Ханой шаары. 1971-жыл

Менин атам Иса Осмонов Чүй районундагы Алчалуу айылынын кулуну. Апам Айнуш Булатова Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр кыштагында төрөлгөн. 1925-30-жылдары энем кыргыз кыз-келиндеринин арасынан биринчилерден болуп Саратов шаарындагы юридикалык мектепти бүтүргөн экен. Фрунзеде сот болуп иштеп жүргөн кезде атам экөө бири-бирин жактырып үйлөнүптүр. 1934-жылы мен төрөлдүм. 1937-жылы Юсуп таякем Кыргыз ССРинин совхоздор комиссариатын жетектеп турган учурда камалып, 1938-жылы Чоң-Таш айылында атылган. Ошондуктан ата-энем Фрунзеден Рыбачьеге качып, отурукташып калышкан. 1956-жылы мектепти бүтүп, Кыргыз медициналык институтунун терапия бөлүмүнө өттүм. 1957-жылы Касымбай экөөбүз баш коштук. 1958-жылы ата-энем Фрунзеге көчүп келди, улуу балам Бакыт төрөлдү. Ошол жылы Касымбай айыл чарба институтун ийгиликтүү аяктап, Тоң районундагы "Көк-Сай" жана "Көк-Мойнок" асыл тукум чарбасында башкы зоотехник-селекционерден баштап Кыргыз ССРинин Борбордук Комитеттин айыл чарба секторунун башчысынын орун басарлыгына чейин көтөрүлдү. 1961-жылы Гүлнара кызым жарыкка келди. 1962-жылы мединститутту бүтүрүп, борбордогу "Шампанвинкомбинаттын" бейтапканасынын экинчи терапия бөлүмүндө иштей баштадым. 1966-жылы жетекчилик Касымбайды Москвадагы СССРдин Жогорку дипломатиялык мектебине жиберди. Күйөөм менен мен да чогуу кеттим.

Эдиса Намазбекова, супруга советника первого класса МИД РФ, вьетнамоведа Касымбая Намазбекова с супругом
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Кыргыз ССРнин Министирлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштеринин министрилигинин жетекчиси Сакин Бегматова Польшанын элчиси Зенон Новак менен баарлашып жаткан учур. Фрунзе шаары. 1974-жыл

— Ал жактан вьетнам тилин окуган экен. Бул элге, тилге кайдан жүрүп кызыгып калган?

— Менин божомолумда Касымбайдын өңү вьетнамдыктарга окшош болгону үчүн жетекчилик сунуштаган болуш керек. Касымбай ушул окуу жайдан вьетнам менен француз тилин үйрөндү. 1954-жылга чейин бул өлкө Франциянын колониясы эле. Үч ай Парижде стажировкадан өттү. Мен Москвада СССРдин Ички иштер министрлигинин бейтапканасында дарыгер болуп иштедим. 1969-жылы дипломатиялык мектепти ийгиликтүү аяктады. Касымбай кыргыздын алгачкы дипломаты Закон Турдукулов менен тыгыз мамиледе эле. Жетекчилик аны Түндүк Вьетнамдын борбору Ханой калаасындагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчылыгына дайындайт. Аны менен кошо мен да элчиликке дарыгер болуп бекидим. Кетер алдында дипломаттардын жубайларына вьетнам жана француз тилин чала-бучук үйрөтүштү. Ошол убакта социалисттик Түндүк менен капиталисттик Түштүк Вьетнамдын ортосунда согуш жүрүп жаткандыктан, бул мамлекетте иштеген советтик дипломаттар менен адистерге балдарын алып барууга уруксат берилчү эмес. Аргасыздан балдарыбызды Фрунзеде ата-энеме таштап кеткенбиз.

Советник первого класса МИД РФ, вьетнамовед Касымбай Намазбеков с супругой и коллегами
© Фото / из личного архива Эдисы Намазбековой
Эдиса Намазбекова (оң жактан үчүнчү) советтик дипломаттардын жубайлары менен. Ханой шаары. 1971-жыл 10-октябрь

— Ханойго келгенде көнүшүп кетүү кыйын болдубу?

— Бизди такай тилмеч коштоп жүрчү. Мындан сырткары, вьетнам менен француз тили боюнча сөздүктү колдонуп үйрөнгө аракеттендик. Бизди француздар таштан салган үйлөргө жайгаштырды, астында жер төлөлөр бар болчу. Анткени Ханой аркылуу Түштүк Вьетнамдын өнөктөшү АКШнын оор авиациясы өтүп, Түндүк Вьетнамдын башка аймактарында жайгашкан аскердик завод жана объектилерди бомбалаганы учушчу. Бул объектилерде көптөгөн советтик адистер жергиликтүү кадрларга техниканы пайдаланганды жана оңдогонду үйрөтүшчү. Дарыгер катары менин милдетим Ханойдун үстүнөн америкалык учактар учуп бара жаткан маалда үйдүн астындагы жер төлөгө советтик дипломаттар жана адистердин жубайларын алып кирүү эле. Ал жакта жашынуу психологиялык жактан абдан кыйын болчу. Ата-бабам тааныбаган жерде өлүп каламбы, жакындарым эмне болот деген ой басчу. Бизден мурда келген дипломаттар менен алардын жубайлары "коркпогула, көнүп кетесиңер" деп көңүлүбүздү көтөрчү. Вашингтондун учактарын Ханойго бомба таштаганга үлгүртпөй жергиликтүү зенитчиктер атып түшүрчү. Эң кызыгы, зенитчиктердин басымдуу бөлүгү жаш кыз-келиндер эле. Учактар асмандан өрттөнүп, жерге түшкөн чачырандысы тиеби деп коркчубуз. Бара-бара бардык нерсеге көнүп кеттик. Көнгөндөн кийин вьетнамдык зенитчиктер америкалык учактарды атып түшүрүп жатканын үйлөрдүн чатырларына чыгып дүрбү менен карачубуз.

Советник первого класса МИД РФ, вьетнамовед Касымбай Намазбеков с семьей
© Фото / из личного архива Эдисы Намазбековой
Ханойдогу СССРдин элчилигинин короосунда Эдиса Намазбекова советтик дипломаттар менен. 1972-жыл

Касымбай Ханойдогу башка элчиликтер менен маданий байланыштар боюнча иш алып барчу. Анын үстүнө экөөбүздүн өңүбүз жергиликтүү тургундарга абдан окшош болгондуктан, иш жүргүзүү аябай жеңил болду. Күнү-түнү жолугушууларда болуп, кечинде келип борборго отчет жазчу. Аман-эсен келсе экен деп зарыгып күтөр элем. Элчиликтеги медициналык пункттагы беш аскердик дарыгер менен жунглиде жашаган советтик адистерге барып, аларды дарылачубуз. Алар көп учурда жугуштуу ооруларга кабылып, уулуу жыландар чаккандыктан эмдөөдөн өткөрчүбүз. Ошол маалда Түндүк Вьетнамдын эли абдан жакыр эле. Буга карабастан эр жүрөк, абдан чыйрак жана эмгекчил болушат. Советтик жарандарга мамилеси аябай жакшы болчу. Вьетнамдык адистердин көпчүлүгү Советтер Союзунда окугандыктан, орус тилин жакшы билишчү.

Жергиликтүү тамак-ашка көнүү кыйын болду. Вьетнамдыктар бака жешет эмеспи. Адегенде байкабай, ресторандан үч-төрт жолу бака жедим, даамы тооктун этине окшош болот экен. Касымбай "баканын этин жедиң, билдиңби?"деп айткандан кийин аябай чаңкап суу ичкеним эсимде.

Советник первого класса МИД РФ, вьетнамовед Касымбай Намазбеков с современниками
© Фото / из личного архива Эдисы Намазбековой
Космонавт Валентина Терешкова менен Касымбай Намазбеков ( оң жактан үчүнчү), жубайы Эдиса Намазбекова (сол жактан үчүнчү) жана башка советтик дипломаттардын жубайлары баарлашып жаткан учуру. Ханой шаары.1971-жыл

— Элчиликте ар кандай иш-чаралар өтүп турса керек?

— Советтик жана башка элчиликтерде ар кандай майрамдарга арналган салтанаттуу кечелерге катышчубуз. Ошол маалда Вьетнамда согуш жүрүп жатканын унутуп калар элек. Касымбай жергиликтүү кызматкерлер жана чет элдик кесиптештери менен жолугуп, ар түрдүү багыттагы маалыматтарды чогултчу. Ханойдогу жогорку окуу жайдын биринде жердешибиз академик Михаил Лущихиндин баласы Герман сабак берчү, аны менен катташчубуз. Андан тышкары, элчиликтин ичинде ар түрдүү спорттук жана маданий иш-чаралар өтчү. Түндө салкын түшкөндө элчиликтин короосунда башыбызга каска кийип кино көргөн учурлар болду. Вьетнамга биринчи космонавт аял Валентина Терешкова менен атактуу акын Евгений Евтушенко өңдүү мамлекеттик жана маданий ишмерлер көп келчү. Эки жумада бир жолу үйдөгүлөргө кат жазчубуз. Жылына эки айга Кыргызстанга эмгек өргүүгө барчубуз. Ата Мекен менен жакындарыбызды ушунчалык сагынчубуз. Баш-аягы беш жыл Ханойдо иштедик. Андан кийин Касымбай СССР ТИМинин борбордук аппаратында Вьетнам, Түндүк Корея жана Лаос багытында иштеди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөнү тууралуу кенен материал даярдаган.

937
Белгилер:
дипломат, үй-бүлө, Вьетнам, СССР, тил, дарыгер, АКШ
Тема боюнча
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Согушту чек арадан тосуп алдык... Академик Розалия Дженчураеванын маеги
Өлкө коопсуздугу, тыңчы, 32 жашта агарган чач. УКМК ардагери Мураталиев менен маек
Кыргызды сагынганда “Ала-Тоо таңшыйтты” баштан-аяк ырдап... Дипломаттардын баяны
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова

Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү