1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууну эскертишти

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык кызматы. Архив
Салык кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпей калган жеке жактардыкы быйыл да кабыл алынары айтылды.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин салык декларациясын милдеттүү түрдө тапшырышы керек. Бул туурасында Салык кызматынан кабарлашты.
"Салыктык декларацияны катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө гана тапшыруу керек. Тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин декларациясын өз убагында тапшырбаган же эч тапшырбаган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер боюнча материалдар прокуратура органдарына жиберилет", — деп айтылган маалыматта.
Декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү.
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу үчүн мобилдүү топтор иштеп жатат
"Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү", – деп эскертилген билдирүүдө.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0