Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда коронавирустан кимдер каза болууда? Министрдин жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүӨлүкканада медициналык кызматкер. Архив
Өлүкканада медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Бейшеналиев оорунун белгилери көпчүлүккө маалым экенин эскертип, белгилери байкалары менен жок дегенде үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алууга чакырды.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. КРде коронавирустан көбүнчө 70-80 жаштагы адамдар, өнөкөт оорусу барлар каза болуп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Ага модератор коронавирустан көз жумгандардын көбү канча жаштагылар деген суроо узаткан. Ошондой эле себебин да сураган.
"Өлүм учурларына бир нече фактор себеп болууда. Биринчиден, бейтаптар үйүнөн дарыланып, ооруканага кайрылбай жата берип көз жумууда. Экинчиден, өнөкөт оорусу бар, алсак, кант диабети, жүрөк оорусу барлар өтүп кетип жатат. Үчүнчүдөн, жаш курак. Каза тапкандардын көбү 70-80 жаштан ашкан, өнөкөт дарты барлар", — деди министр.
Бейшеналиев оорунун белгилери көпчүлүккө маалым экенин эскертип, белгилери байкалары менен жок дегенде үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алууга чакырды. Эгер абалы оорлошуп баратса, ооруканага кечиктирбей жатууну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0