Бала компьютердик клубда эмес, спорт аянтчасында ойносун. Новиковдун тапшырмасы

© Sputnik / Нурис АлымбаевБалдар компьютер клубда. Архив
Балдар компьютер клубда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Биринчи вице-премьер жергиликтүү бийликтин карамагындагы имараттарды алып спорт залдарын ачуу тапшырмасын берди.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Окуучулар компьютердик клубдарда эмес, спорт аянтчасында ойношу керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков мугалимдер менен жолугушууда билдирди.
Билим берүү жана илим министрлиги биринчи вице-премьердин катышуусунда өлкөнүн ар аймагындагы мугалимдер менен видеоконференция өткөрүүдө. Анда Новиков 1-сентябрдан тарта "Мектеп лигасы" деген аталыштагы долбоор ишке киргизилерин белгиледи.
"Бул долбоор менен балдарды спортко мектеп деңгээлинен профессионалдык көрсөткүчкө чейин чыгарууну көздөйбүз. Баланын спортко шыгы болсо мектептен эле аныктап, республикалык деңгээлге көтөрүү шарт. Бул үчүн мектептер аралык турнирлер өтүп турушу зарыл. Балдар бир нерсе менен алектенсин. Компьютердик клубдарда эмес, спорт аянтчасында ойнош керек", — деди Новиков.
Буга байланыштуу биринчи вице-премьер жергиликтүү бийликтин, Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы имараттарды алып спорт залдарын ачуу тапшырмасын берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0