Новиков мугалимдерге: көйгөйдү ачык айткыла, кодулагандар иштен алынат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артём Новиков. Архив
Биринчи вице-премьер Артём Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Новиков бүгүнкү жыйында мугалимдер менен кенен талкуу жүрүп, көйгөйлөр ачык айтыларына ишеним артты.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков өлкөдөгү мугалимдер менен мектеп көйгөйлөрүн талкуулап жатып, аларды эч нерсе жашырбай ачык айтууга чакырды.
Эгер көйгөйлөрдү айткан үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кодулоо болсо, жетекчилери кызматтан алына турганын эскертти.
"Бүгүн сиздер менен ачык жана аябай жашкы диалог болот деп ойлойм. Мен атайын министрликтен мектеп жетекчилерин, ата-энелер комитетинин активдүү мүчөлөрүн чакырууну сурандым. Кээ бирлери онлайн түрүндө катышып жатат. Бардык көйгөйлөрдү ушул жерде отуруп кенен талкуулайлы. Мен айткан сөзүңүздөр үчүн министрлик тарабынан эч кандай кодулоо болбошуна кепилдик берем. Эгерде ошондой кылып баштаса, өзүм министрди же орун басарларын иштен алуу үчүн премьер-министрге сунуштама берем. Келгиле, эч нерсени жашырбай, көйгөйлөрдү талкуулайлы", — деди Новиков.
Жыйында мектептеги жаңы окуу программасынан тарта билим берүү мекемелериндеги акча чогултуу маселесине чейин талкууланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0