Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева

Пандемияда үмүтү үзүлгөн атанын айыкканы эсимден кетпейт. Гинекологдун маеги

1304
(жаңыланган 15:50 18.03.2021)
Мындан туура бир жыл мурун, 18-мартта, Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус жуктургандар тууралуу айтылган. Ушул кезге чейин бул оорудан толук кутулууга мүмкүн болбой жатат.

Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева Теңир-Тоодогу ымыркайлардын жарык дүйнөгө келишине себепчи, көз жарган энелердин кубанычына ортоктош болуп гана жүрөм деп ойлогон. Бирок жугуштуу илдеттер бөлүмүндө көрүнбөгөн душмандын мизин кайтарып, ажал менен кармашууга да туура келди.

Товалдиева 30 жашта, пандемияда иштеген жаш дарыгерлердин бири. Былтыр январда Саламаттык сактоо министрлигинин депозит программасы аркылуу кадр жетишпеген Нарындын Ак-Талаа райондук төрөт үйүнө Бишкектен которулган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Эламан Карымшаков дарыгер менен анын апаат учурунда алыскы райондун элин кандай азап менен дарылаганы туурасында баарлашты.

— Былтыр дал ушул күнү, 18-мартта, Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши аныкталып, уу-дуу түштүк эле. Бул учурда сиздерди эмнеге даярдап жатышты?

— Дал ушул күндөн кийин биздин уйкусуз түндөрүбүз башталган. Адегенде үч жашка чейинки балдары бар, кош бойлуу, жашы 63төн ашкан, диспансердик каттоодо турган өнөкөт оорусу бар кесиптештерибиз убактылуу бошотулду. Мындан улам биздин жумушубуз үч эсе көбөйүп, үй бетин көрбөй күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттүк.

Кадр жетишсиздиги абдан күч алды, борборго жөнөтүлчү бейтаптарды өзүбүз кабыл алып жаттык. Кызыл зона менен жашыл зонанын түйшүгү күндөн күнгө оорлошо берди. Ишенесиздерби, анда уйку канганча уктап алуу кол жеткис кыялыбыз эле.

Негизи бизди февралда эле коргоочу кийимдерди кантип кийип-чечиш керек экени, коронавирустун белгилери тууралуу окута башташты. Төрөт үйүндө дагы фильтр зона уюштурулган. Коронавирус чыккан айылдан келген, коронавирустун белгилери байкалган аялдарды изоляторго жаткырып, акушерлер коргоочу кийим менен кирип төрөтөт.

Мындан сырткары, марттын башында эле обсервациялар уюштурулуп, Россиядан, Бишкектен келген адамдар 14 күнгө жаткырылган.

Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева осматривает пациента с коронавирусом
© Фото / из личного архива Дилары Товалдиевой
Дилара Товалдиева Былтыр январда кадр жетишпеген Нарындын Ак-Талаа райондук төрөт үйүнө акушер-гинеколог катары Бишкектен которулуп барган.

— Июль айында апаат башталганда кантип жетишип жаттыңыздар?

— Өзгөчө абал режими алынгандан кийин көпчүлүгү санитардык эрежени сактабай, ал тургай вирустун бар экенинен күмөн санап жатышты. Бул учурда биздин оорукана толо баштаган. Алгачкы ирет Ак-Талаа районунда коронавирус жуктургандар июнда катталды. Ал эми июль айында оорунун агрессивдүү формасы менен ооругандар көбөйүп, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти. Башкы дарыгер Гүлзуура Назаркуловна менен кеңешип, борбордон дарыгерлер келгенге чейин мен кызыл зонада иштөөгө өттүм. Себеби менин да өнөкөт оорум болгондуктан өтө оор иштерди жасачу эмесмин.

Кызыл зонага 2-июлда кирдим. Анда менден мурун киргендер вирус жуктуруп алып, менин бөлүмүмдө жатышты. Медик, санитардык кызматкерлер, жадагалса лаборанттар дагы ооруп калды. Мындан улам анализ жагынан да аксап калдык.

Райондо атайын COVID менен ооруган бейтаптар үчүн реанимация бөлүмү жок. COVID-1, 2 жана пневмония бөлүмү деп үчкө бөлүп кабыл алып турдук. Мен 20 адам бата турган биринчи бөлүмгө кирдим, элестетсеңиз, төрт күндөн кийин эле ичи толуп калбадыбы.

Бейтаптарды кайда жаткырарыбызды билбей башыбыз катты. Сыртка чатыр тигип медиктер аз убакыт ошол жерде жашадык. Ак-Талаа жайдын күнү деле суук болот эмеспи, жамгыр жааганда калчылдап үшүп калабыз.

Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Товалдиева: кызыл зонага 2-июлда кирдим. Анда менден мурун киргендер вирус жуктуруп алып, менин бөлүмүмдө жатышты.

— Алгачкы бейтаптарыңыз кимдер болду? Бир күндүк иш процессиңизди айтып берсеңиз?

— Менин алгачкы бейтаптарым дарыгер, медайым, лаборанттар жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болду. Көздөрүндөгү коркуу сезими жүрөктү оорутат. Кантсин анан, жаңылыктардан ооруканага жетпей каза болгондорду көрүп жатышты да. Баса, мени менен чогуу кызыл зонага кирген эки медайым үч күндөн кийин ооруп калып пневмония бөлүмүнө жаткырылды. Алардын ордуна жаңы жардамчылар келди. Күн сайын эртең менен саат 8:00дө текшерип баштайбыз, оорулуулардын абалын талкуулап, керектүү дарыларды кошуп, керексизин алып, штабга отчёт жөнөтүп бүткөнгө чейин саат 13:00-14:00 болот. Жуунуп, түшкү тамакты ичип, эки сааттай дем аласың. Анан кечки текшерүүнүн убактысы келет, кайра кирип түнкү саат 12ге чейин жүрөбүз. Коргоочу костюмдан аба өтпөгөндүктөн жонубуздан тер шорголоп агат, ошентсе да чыдаш керек. Чыкканда кийимиңди сыксаң суу чыгат...

Бишкектен күткөн дарыгерлер келген жок, региондордон жардам сурап жаткан экен. Бул жерде башкы дарыгердин эмгегин баса белгилеп кетпесем болбос, бизди атайын коргоочу кийимден, дары-дармектен өксүткөн жок. Карапайым эл да кем-карчыбызды толуктап, тамак-аш жөнөтүп жатышты.

— Мындай оору менен биринчи ирет кез келип жатасыздар да, дарылоонун ыкмасын табуу оор болгон жокпу?

— Алдын ала канчалык окуп, даярданганың менен бетме-бет келгенде башкача болуп калат экен. Кыргызстандагы кызыл зонада иштеген дарыгерлердин WhatsApp тайпасы ачылган, бейтаптарды саат сайын талкуулайбыз. Ал тайпада дарыгерлер, профессорлор, ошондогу вице-премьер Аида Исмаилова дагы бар эле. Бири-бирибизден кеңеш сурап, жаңы ачылыштарга күбө болуп жаттык. Мисалы, "Гансиде" жаткандарды караган медиктер менен сүйлөшүп, тажрыйба алмашып турдук.

Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева в рабочем кабинете
© Фото / предоставлено Диларой Товалдиевой
Товалдиева: алгачкы ирет Ак-Талаа районунда коронавирус жуктургандар июнда катталды.

— Ошол учурда COVID жуктургандар дүрбөлөң түшүп жатып эле оорусун күчөтүп алганын айтып калышат. Дары-дармектен башка кандай ыкмаларды колдонуп дарылап жаттыңыздар?

— Жеңил формада ооругандарды айылдагы стационар эле карап, районго оор жана өтө оор абалдагыларды алып келишчү. Коронавирус жуктурган кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорусу барлар жана 60 жаштан жогорку адамдар оор көтөрүп жатты. Кычкылтек концентратору жетишпей эң муктаждарына гана колдондук. Ар бир оорулууга абалына жараша мамиле жасап, моралдык колдоо көрсөтүү, көздөрүнө карап жылуу сөз айтуу бөтөнчө күчтү талап кылат экен. Анткени жаш-карысына карабай абалы оор болчу. Көл-шал болуп тердеген бейтапты көрсөм сүйүнөм, себеби бул анын батыраак айыгарынан кабар берет.

"Анализиңиз жакшы чыкты, Бишкекте тигиндей болуп жатат, мунун абалын көрдүңүзбү, сиздики андан жакшы" десең бир аз карманып калышат. "Баары жакшы" эле дей бересиң. Сөз менен дагы дарылап жаттык да. Кээ бир бейтаптар башында ыйлап аябай кыжалат болушкан. Абалы жакшырып, эки күндөн кийин чыгасыңар дегенде торт, ичимдик алдырып майрамдашты.

— Бейтаптардын абалын сүрөттөп бере аласызбы?

— Баарына эле "өлүп каламбы" деген ой келди. Медиктер "мага компенсация, акчасынын кереги жок. Аман чыгып кетсем болду" деп жатышты. Жөнөкөй эл "ушундай шартта иштеп бизди карап жатасыңар, силердин эмгегиңерди эми бааладык" деп ар кирген сайын рахматын айтышат.

Коронавирус бар экенине ишенбей жүргөн бейтаптардын кээ бири дагы бир имишке ишенип алыптыр. "Тик учак менен вирусту чачып кетишкен, ошон үчүн катарынан ооруп жатабыз" дейт. Ал оюнан кайтарууга аракет кылып жаттык.

Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дарыгер: баарына эле "өлүп каламбы" деген ой келди. Медиктер "мага компенсация, акчасынын кереги жок. Аман чыгып кетсем болду" деп жатышты.

— Өзгөчө эсиңизде калган бейтаптар болдубу?

— Бир 68 жаштагы ата өтө оор абалда түшкөн. Ага эки тараптуу пневмония, жүрөк оорусу, кант диабети бар, дем алуу органдары жабыркаган деген диагноз коюлду. Айрым кесиптештерим "бүгүн-эртең узап кетиши мүмкүн" деп жатышкан. Бирок дарылоонун жолун таптым, күн өткөн сайын бутка туруп, ал тургай тамак жегенге жарап калды. Өзүм жетелеп бакчага алып чыгып бастырып жаттым. Абалы жакшырып үйүнө чыкканда ушунчалык кубанганымды билсеңиздер эми. Ал кишини "ата" деп калганым да ушундан.

Дагы бир күнү мобилдик бригада сатурациясы 60 пайызга (норма 95 пайыз) чейин түшкөн бейтапты оор абалда алып келди. Мурда кант диабети, сөөк туберкулезу менен ооручу экен, дароо жаткырып кычкылтекке уладык. Керектүү дарыларды берип жатып эки күндөн кийин сатурациясы 80 пайызга көтөрүлүп, тамак жеп баштады. Улгайып калган киши болчу, унутчаак экен. Анын туугандарын, жашаган жерин сүрүштүрүп үч-төрт күндөн кийин кызын таптык. Баса, андан коронавирус аныкталган эмес экен, абалы оор болуп турса жаткырып дарылай бериптир. Андан соң аны пневмония бөлүмүнө котордук.

— Аймактагы көпчүлүк ооруканаларда тийиштүү шарттар түзүлбөгөнү баарына маалым, сиздерде кандай болду?

— Биз иштеген оорукананын шарты өтө жакшы деп айтуудан алысмын. Мисалы, палаталарда ажаткана жок, ар бир бейтапка бирден горшок бердик. Алардын горшогун санитарка тазалап жатты. Башка айлабыз деле жок болчу.

— Өзүңүздөр оорунун очогунда жүргөндө башка медиктердин каза болушу оор тийип жаткандыр...

— Кесиптештерибиздин көз жумганын укканда жүрөк зырп этет. Өзгөчө мен алгач келгенде колдоо көрсөткөн, Ак-Талаа районундагы көзгө басар, тажрыйбалуу хирург Кубан Жумагуловичтин өлүмү баарыбызга оор тийди. Анын артынан эле башкы дарыгерибиз пневмония менен жатып калды. Бактыга жараша, кийин айыгып чыкты.

Акушер-гинеколог Дилара Товалдиева в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дилара Товалдиева учурда Бишкектеги №13 Үй-бүлөлүк медицина борборунда дарыгер-гинеколог болуп иштеп жатат.

— Сиз карап жаткан бейтаптарда көз алдыңызда узап кеткен учурлар болгон жокпу?

— Бактыга жараша, мен иштеген 14 күндүн аралыгында бир да өлүм катталган жок. Ак-Талаада аба, тамак-аш таза болгону үчүн да эл ооруну көтөрүп кетти окшойт.

— Өзүңүзгө коронавирус жуккан жокпу?

— Мөөнөтүм бүткөндөн кийин обсервацияда текшерилдим, анализдерим таза чыкты. Анан кайра төрөт үйүндө иштеп калдым. Августта кайра кызыл зонага кирүүгө камынып жатканда өзүмдүн өнөкөт оорум кармап калды. Акыры башкы дарыгеримдин уруксаты менен 23-сентябрда Бишкекке кайттым. Учурда шаардагы №13 Үй-бүлөлүк медицина борборунда дарыгер-гинеколог болуп иштеп жатам.

1304
Белгилер:
бейтап, оорукана, маек, гинеколог, Ак-Талаа району, медик, Кыргызстан, коронавирус
Тема боюнча
Спираль койдуруу рак оорусун чакырабы? Акушер-гинеколог менен маек
Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекованын маеги. II бөлүк
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева

Койчиева: Улуттук университетке жети миң студентти кабыл алуу мерчемделүүдө

13
(жаңыланган 17:09 13.05.2021)
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева абитуриенттерди кабыл алуу эки жылдан бери онлайн жүрүп жатканын маалымдады.

Окууга тапшыруу үчүн документтер пандемияга байланыштуу өзгөргөн жок, болгону катталуу онлайн болуп, документтерди "PDF" форматына өткөрүп тиркөө зарыл. Бул тууралуу Жылдыз Койчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Койчиева: Улуттук университетке жети миң студентти кабыл алуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, 2021-2022-окуу жылында Улуттук университеттин 23 факультетине 7000 абитуриент кабыл алуу мерчемделүүдө.

"Абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясы өз убагында тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. ЖОЖдор Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө биргеликте иш алып барууда. Соңку эки жылда пандемияга байланыштуу окуу жайларына катталуу онлайн өтүп жатат. Бул айрымдарга жеңилдик жаратканы менен кээ бирлер үчүн түшүнбөгөн маселелери жаралып калууда. Өткөн жылы министрликтин сайтында абитуриенттерди каттоого алып, анан өзүбүздүн сайт аркылуу кабыл алып жаттык. Улуттук университетте 23 факультет, педагогикалык кесиптик колледж жана Ош филиалы бар. Мына ушунун баарына ар кандай адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт. Пандемияга байланыштуу документ тапшыруу процедурасына өзгөрүү кирген жок. Бирок катталуу онлайн болгондуктан абитуриенттер бардык документтерди "PDF" форматына өткөрүп, министрликтин сайтына катталуусу зарыл. Ошондон кийин университетти тандап, анан кабыл алуу жүргүзүлөт. Быйыл жылдагыдай эле жети миң орунга кабыл алууну мерчемдеп жатабыз. Жакынкы коңшу өлкөлөрдөн тапшырууну каалагандар бардык факультетке алына берет", — деди Койчиева.

Ошондой эле ал чет өлкөдө жүрүп окууну каалагандар үчүн дистанттык окутуу дагы бар экенин кошумчалады.

13
Белгилер:
Жылдыз Койчиева, билим берүү, ЖОЖ, абитуриент
Тема боюнча
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
Дарыгерлер. Архив

Айрым медиктердин айлыгы эмнеге азайышы мүмкүн. Түшүндүрмө

27
(жаңыланган 16:46 13.05.2021)
1-апрелден баштап тиешелүү сертификаттарга ээ Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кепилденген эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлгөн. Бирок анын да экинчи тарабы болуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун айрым кызматкерлери индикатордук система жоюлуп, айлыгы 100 пайызга көтөрүлгөндөн кийин кошумча төлөмдөрүнөн кол жуушу мүмкүн. Эгер мындай учурлар көп болсо чечим кайра караларын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik.kg)

1-апрелден баштап тиешелүү сертификаттарга ээ Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кепилденген эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Өскөмбаеванын айтымында, учурда ал 10 миң сомду түзөт.

Өскөмбаева буга чейин Үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн индикаторлордун негизинде кошумча төлөмдөр берилгенин, бирок система "күткөндөй натыйжа бере албагандыктан" жокко чыгарылганын айтты. Анын ордуна ҮБМБ дарыгерлерине эмгекке катышуу коэффициентине (КТУ) ылайык акы эсептеген тутумду ишке киргизишкен. Мунун көрсөткүчтөрүн ар бир уюм өз алдынча аныктайт.

"Индикатордук система иштебей калгандыктан үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгын 100 пайыз көтөрүү чечими кабыл алынган. Тиешелүү аттестациядан өткөн ҮБМБдин дарыгерлеринин мамлекет кепилдеген эмгек акысы үстөк акыларды кошпогондо 10 миң сомду түзөт. Айлыгы азая турчу медиктер бар экенин жашырбайбыз. Кеп индикатор боюнча жакшы деген кошумча төлөмдөрдү алып жүргөндөр тууралуу болуп жатат", — деди Өскөмбаева.

Бирок апрель айынын жыйынтыгы менен анализ жүргүзүлүп, адистер кырдаалды изилдеп чыгарын кошумчалады. Ошого жараша мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Өскөмбаева ак халатчандардын айлыгын көтөрүп, жаш адистерди тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

27
Белгилер:
айлык-акы, медицина, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис апрелде дарыгерлерге которулбай калган каражат качан берилерин айтты
АКШнын президенти Жо Байден

Байдендин психикалык саламаттыгынан күмөн санаган 124 экс-генерал кат жазды

29
(жаңыланган 18:13 13.05.2021)
Мурдагы аскер кызматкерлери президенттин өлкөнү башкарып кетишине ишенбей турганын айтып чыгышты. Алардын пикиринде, "улут чоң коркунучта турат".

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Америкада 124 экс-генерал мамлекет башчы Жозеф Байденди сындаган ачык кат жазды. Бул тууралуу The Politico билдирди.

Аскер тармагында иштеп кеткендер мамлекет башчынын психикалык абалынан жана ден соолугу, басып-туруу жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санап, улут чоң коркунучта турганын айтышты.

"АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын психикалык абалы жана ден соолугу, басып-туруу жөндөмдүүлүгүнө көңүл кош кароого болбойт. Ал улуттук коопсуздук жаатындагы чечимдерди тез арада, күнү-түнү жана кайсыл жерде болбосун так кабыл ала билиши керек", — деп белгилеген каттын авторлору.

Ошондой эле кайрылууда учурдагы администрация "диктатордук ыкма менен америкалык жарандардын конституциялык укуктарын бузуп, 50дөн ашык буйрукка кол койду. Алардын көпчүлүгү мурдагы жетекчиликтин майнаптуу саясатын жокко чыгарат" деп айтылат.

Генералдар ФБР менен Жогорку сотту шайлоодогу мыйзам бузуулар аныкталса эртерээк чара көрүп, былтыркыдай көп нерсени көз жаздымда калтырбоону суранышкан.

29
Белгилер:
кат, психикалык абал, Жо Байден, АКШ
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты