Айыл чарба министри: буудайды Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан брондоп койдук

Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Министр Кыргызстан жылына 300 миң тонна буудай менен 90 миң тонна унду сырттан сатып аларын белгиледи. Учурда өлкөдө ун, буудай боюнча көйгөй жок.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы буудайдын кору брондолгон. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 78 миң тонна буудай бар болчу, анын 15 миң тоннасын министрлик ээлеп койгон.
"Данды ун кылып тартып, аймактарга жеткирип жатабыз. Мындай иш-аракеттер бааны турукташтыруу максатында жасалууда", — деди министр.
Жаныбеков учурда ун, буудай боюнча көйгөй жок экенин кошумчалады.
Министр белгилегендей, өлкөдө калкты өсүмдүк майы, кумшекер жана буудай менен камсыз кылуу көйгөйү бар. Мындан улам Кыргызстан жылына 300 миң тонна буудай менен 90 миң тонна унду сатып алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0