БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда сегиз жылга узак жашайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын башындагы статистика боюнча өлкөдө калктын саны 6,5 миллионду түзөт. Анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер.
Негизи эркектер көбүрөөк төрөлөт, тагыраак айтканда, 100 кызга 105 уул туура келет. Бирок 40 жаштагыларды эсептегенде сан жагынан аялдар үстөмдүк кылат. Ал эми 80 жашка жеткенде эки эсе көп болуп, 100 аялга 55 эркек киши туура келет. 2019-жылы аялдардын жашоо узактыгы орочто 76, эркектердики 68 жаш куракты көрсөткөн.Ошондой эле Кыргызстанда орто эсеп менен аялдар үч жана андан көп, айылдарда төрт жана андан көп баланы жарыкка алып келери белгилүү болду.
Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.
— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачбагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.
— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?
— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.
— Апаңыз дагы акылман жан экен да...
— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.
— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?
— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?
— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.
— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?
— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?
— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.
— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?
— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.