БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат кылган жоокерлердин кургак учук оорусун жугузуп алганын иликтеп баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы билдирди.
"16-мартта Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 жоокер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды", — деп жазылат маалыматта.
Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылып жатканы айтылды.
Буга чейин Коргоо министрлиги Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганын билдирген.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.
Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.
— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.
— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.
— Көбөйтүү жолу кандай болот?
— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.
— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?
— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.
— Кыял-жоруктары кандай болот экен?
— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.
— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.
— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?
— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.
— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?
— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.