БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек шаарында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына нааразы болуп, көчмө жыйында курулуш компания жетекчилерине бир тийди.
Белгилей кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында көчмө жыйын өткөрдү. Ага курулушчулар, мамлекеттик жана муниципалдык органдын өкүлдөрү катышууда.
"Көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатканда курулушчулар да, архитекторлор дагы көңүлдү материалдык кызыкчылыкка бурушат. Мен силерге суроо берейинчи. Бишкекти эмнеге айлантып салдыңар? Тротуар жок, үйлөрдү жолдун жээгине салып жатасыңар. Түтүндөн шаарда аба айланбай, жашоого мүмкүн болбой калды. Имараттар кооз көрүнсүн деп бийик бактарды кыйып салып, жапыздарын отургузуп коюп жатасыңар. Архитектуралык көз караш менен алганда силердин имараттар кооз көрүнөт. Бирок ордо калаанын экологиялык системасы бузулуп жатпайбы... Аба таптакыр эле айланбай калды", — деди ал.
Министр кыш мезгили Бишкекте жашоо канчалык кыйын болуп калганын көрсөткөнүнө токтолду.
Мындан сырткары, министр Бишкектеги имараттарды окшош кылып салууну сунуштады.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.