Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАбхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаа
Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Бажы кызматынан Абхазиянын мамлекеттик номери менен жүргөн автоунааларды издөө боюнча рейд эми өлкө аймагы боюнча улантыларын кошумчалашты.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Учурда рейд жүрүп жатат, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалардын бардыгы айып короого киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Рейд учурунда бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте аталган номерлерди тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.
Airbus тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Казакстан Кыргызстанга тик учак жана башка техника сатууну көздөп жатат
Алар "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын аймагындагы бажы көзөмөлү зонасына жеткирилди.
Кызматтан түшүндүрүшкөндөй, автоунаалардын айып короого коюлушуна ЕАЭБдин аймагынан транспортту убактылуу киргизүү шарттарынын бузулушу себеп болгон. Демек, экономикалык биримдиктин бажы мыйзамдары бузулган.
Бажы кызматынан Абхазиянын мамлекеттик номери менен жүргөн автоунааларды издөө боюнча рейд эми өлкө аймагы боюнча улантыларын кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0